ОШТУДА БҮТҮРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 16.05.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин табигый-техникалык факультетинде бүтүрүү аземи өткөрүлдү.

Окуу жайдын табигый-техникалык факультетинин жалпы жамааты чоң турмушка аттануу алдында турган жаштарды узатуу үчүн салтанаттуу иш-чара уюштурду. Иш-чараны ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов ачып берип жатып, бүтүрүүчүлөргө ак жол тилеп, окуу жайыбыздын мыкты бүтүрүүчүлөрү катары өлкөнүн бардык аймактарында ОшТУнун атын бийик чыгарып, алган кесиби менен иштеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, ак кызмат өтөй беришине тилектештигин билдирди.

Салтанатка факультеттин жамаатынан тышкары, жалпы бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышты. Факультеттин деканы М.Алдашев университеттин жана факультеттин коомдук иштерине активдүү катышып, мыкты ийгиликтерди жараткан бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталар менен биргеликте ата-энелерге Ыраазычылык кат тапшырылды. Ошондой эле артыкчылык менен аяктаган студенттер атайын сыйлыктар менен сыйланды.

Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, жагымдуу музыка коштогон ырлар жаңырды.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер