ОШТУ ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДЕ КҮЧҮН СЫНАДЫ
- 03.06.2025
- 0
Ош технологиялык университети алгач ирет дүйнөлүк деңгээлдеги абройлуу рейтингге — Round University Ranking (RUR) 2025 — катышып, ал рейтингде 734-орунду ээледи.
ОшТУ бул рейтингде 2025-жылы күчүн сынаган Кыргызстандагы жалгыз окуу жай болуп саналат. Аталган жетишкендикти RUR расмий сайтында жарыялады:
ОшТУ RUR рейтингинде: https://roundranking.com/universities/osh-technological-university.html?year=2025&subj=1&dimens=T&1748837531998&1748837531998
ОшТУнун ректору, профессор Ж.Турсунбаев бул ийгиликти төмөнкүдөй баалады: “ОшТУнун RUR 2025 рейтингине кириши – биздин билим берүү жана илимий-изилдөө программаларынын жогорку деңгээлин тастыктайт. Бул жалпы жамааттын – илимпоз окутуучулар, мыкты студенттер жана администрациянын биргелешкен эмгегинин жемиши. Биз азыр дүйнөлүк рейтингде ОшТУнун эл аралык сапатка жооп берген жогорку окуу жайы катары таанылганын сыймыктануу менен айта алабыз”.
RUR рейтинги жөнүндө
Round University Ranking (RUR) — бул 2010-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан, дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүндөгү 1200дөн көп университеттерди 20 көрсөткүч жана 4 негизги өлчөм боюнча баалаган эл аралык система:
- окутуу сапаты,
- илимий-изилдөө ишмердүүлүгү,
- эл аралык байланышы,
- финансылык туруктуулук.
ОшТУнун өнүгүүгө карай кадамдары:
Акыркы 3 жыл ичинде ОшТУда бир катар маанилүү өзгөрүүлөр болду:
- Окуу корпустары жаңылануу иштеринен өттү,
- Ар бир окутуучу жаңы компьютер менен камсыздалды,
- “Известия” электрондук илимий журналы эл аралык деңгээлде жогорку орундарды ээлөөдө.
Мындан сырткары, ОшТУ менен Кытай мамлекети ортосунда расмий келишим түзүлүп, Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ болгон темир жол тармагында инженерлерди даярдоо багытында кызматташтык башталды.
ОшТУ — дүйнөлүк деңгээлдеги билим, илим жана өнүгүү борбору!
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер