ОШТУ БАТКЕН МЕНЕН

  • 19.09.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинде Баткен жана Чоң-Алай аймактарындагы Тажикстан менен чектеш жашаган жарандарга жардамдар көрсөтүү максатында атайын штаб түзүлүп, 24 саат бою иштеп жатат.

Чек арага чектеш аймактардан эвакуацияланып келген жарандарды университеттин жатаканасына жайгаштыруу уланууда. Ысык тамак уюштурулуп,  биринчи жардамдар көрсөтүлдү жана зарыл каражаттар менен камсыз болушту. Жарандардан окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев кабар алып жатат.

Окуу жайдын окутуучулары, студенттери азык-түлүк, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди алып келүүдө. Ошондой эле акчалай да жардам көрсөтүп жатышат.

Гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.

Байланыш үчүн телефондор:

0777 144 124 Рамис

0777 485 042 Бектур

Бөлүшүү

Комментарийлер