ОШТО “ДЕН СООЛУК-2025” СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ
- 30.04.2025
- 0
Ош шаарында Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан билим берүү тармагында иштеген кызматкерлер арасында “Ден соолук-2025” спартакиадасы өткөрүлдү.
Спорттук мелдешке Ош технологиялык университетинин командасы активдүү катышып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болушту:
- волейбол боюнча 40 жашка чейинки агайлар 3-орун;
- волейбол боюнча 40 жашка чейинки эжейлер 3-орун;
- волейбол боюнча 40+ эжейлер 2-орун;
- футболдук мелдеште 40+ агайлар 2-орун;
- стол теннис боюнча агайлар 2-орун;
- стол теннис боюнча эжейлер 1-орун;
Тогуз коргоол боюнча жалпы командалык эсепте ОшТУ экинчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөр КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин дипломдоруна, 15 миң сом акчалай сыйлыгына жана баалуу белектерине ээ болушту.
ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев спортчу окутуучуларыбызды жеке кабыл алып, аларды ийгилиги менен куттуктап, окуу жай тарабынан ар дайым колдоо болорун билдирди. ОшТУнун командасына окуу жайдын кесиптик бирлик комитети материалдык жардам көрсөттү.
Бул иш-чаранын негизги максаты адамдар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө, дени сак жашоо образын түзүүгө үндөө жана өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер