ОШМУНУН “ENACTUS» КОМАНДАСЫ ЖАҢЫ КУРАМЫНА МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ!

  • 23.10.2020
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында ОшМУнун «ENACTUS» командасы таанытуу иш-чарасын уюштурду. Иш-чарага ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, ОшМУнун «ENACTUS» командасынын эдвайзери Эрлан Камалов, Мээрим Маметова жана ОшМУнун «ENACTUS» командасынан чыккан белгилүү бизнесмендер, университеттин 500гө жакын студенттери катышышты. Салтанат пандемия шартына ылайык онлайн уюштурулду.

ОШМУНУН “ENACTUS" КОМАНДАСЫ ЖАҢЫ КУРАМЫНА МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ!

Иш-чарада ОшМУнун “Enactus” командасы, жетишкендиктери тууралуу видео көрсөтүлүп, ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаеванын сөзү менен ачылды. Ал активдүү студенттерден куралган «ENACTUS» командасы боюнча токтолуп, ар бир студентти активдүү, билимдүү мыкты болууга чакырды. Ошондой эле мындай мыкты студенттер университеттин өнүгүшүнө, коомдун өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуша тургандыгын кошумчалады.

Ал эми Гүлбарчын Сүйүнова “Enactus” программасына ар бир студент катышып, өзүн өнүктүрүп, практика алуу мүмкүнчүлүгү көп экенин баса белгилеп, студенттерди ага мүчө болууга чакырды.

ОШМУНУН “ENACTUS" КОМАНДАСЫ ЖАҢЫ КУРАМЫНА МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ!

Команданын эдвайзери Эрлан Камалов “Бүгүнкү жолугушууда Кыргызстанда ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө салым кошом деген жаштар отурат. ОшМУнун «ENACTUS» командасы 2 жолку Кыргызстандын Улуттук Чемпиону, 7 жолку вице-чемпиону. Андыктан дагы командага жаңы активдүү жаштарды чакырабыз жана команданын ийгилиги мындан да жогору болушуна тилектешбиз”, -деген тилегин билдирди. Ошондой эле команданын эдвайзери Мээрим Маметова жана бир топ команданын курамында өзүн такшалтып, учурда ийгиликтүү иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрү команданын ишине ийгилик каалап максаты чон, креативдүү, дайыма изденүүдө жүргөн студенттерди командага чакырып өтүштү.

ОШМУНУН “ENACTUS" КОМАНДАСЫ ЖАҢЫ КУРАМЫНА МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ!

ОшМУнун «ENACTUS» командасы 1999-жылдан бери ийгиликтүү иштеп, жыл сайын жаңы студенттер менен курамын толукталып келет, бул жылдар аралыгында 100гө жакын бизнес долбоорлорун иштеп чыгышкан, ошондой эле команданын курамында жүргөн көптөгөн жаштар учурда ийгиликтүү иштеп келе жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер