ОШМУДА СТАРТАП ДОЛБООРЛОРДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 04.11.2022
  • 0

ОШМУДА СТАРТАП ДОЛБООРЛОРДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

ОшМУнун Жаштар бизнес паркында 24-29-октябрда 613 студенттин ичинен тандалган 39 студент үчүн тренинг өткөрүлдү. Катышуучуларга тренингден сырткары Ош шаарындагы мекеме-ишканаларга бизнес-тур уюштурулду.

Бир жума аралыгында  студенттер өздөрүнүн бизнес идеяларынын үстүнөн иштеп, питчинг күнү өздөрүнүн долбоорлорун калыстарга жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташты. Питчингдин жыйынтыгы менен беш финалист аныкталды. Алардын экөө 2000 доллар грант утуп алуу алдында турат.

ОШМУДА СТАРТАП ДОЛБООРЛОРДУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Финалисттер:

  1. Медицина факультетинин студенти Бегимай Аширова.

Долбоордун аталышы:  Vit’oss хирургиялык кружогу.

  1. Эл аралык мамилелер жана санариптик дипломатия факультетинин студенти Социалбек кызы Айэлита.

Долбоордун аталышы: «Барчын» боз үй лагери.

  1. Искусство факультетинин студенти Жайнагул Джусупбекова.

Долбоордун аталышы: Сүрөт тартуу боюнча чыгармачылык борбор.

  1. Медициналык колледждин студенти Мубина Адахамова.

Долбоордун аталышы:  Кондитердик үй.

  1. «Ыйман» гимназиясынын окуучусу Кубаныч уулу Кумарбек.

Долбоордун аталышы: Табигый булгаарыдан ат жабдыктарын жана буюмдарды жасоо.

Мындан сырткары айрым катышуучулар калыстар тарабынан сертификаттарга ээ болушту.

Жаш ишкерлер ишкердикти колдоо борборунун алдыңкы тренерлеринен баалуу билимдерди гана албастан, өнөктөштөрдү да табышты, алардын айрымдары жумушка орношуу сунуштарын алышты.

Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ОшМУнун Жаштар бизнес паркы тарабынан Ага Хан Фондунун жана USAIDдин колдоосу жана кызматташуусу менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер