ОШМПУнун ТАЛАНТТАРЫ ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСТА ЖЕҢҮҮЧҮ
- 28.12.2021
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин таланттуу студенттери эл аралык “Интеллект будущего” аттуу илимий-тарбиялык конкурста 1-орунду багындырышты.
Аталган саамалык Шадринск мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, ага бир канча өлкөлөрдүн ЖОЖдору катышкан. Катарында окуу жайдын музыкалык-педагогикалык факультетинин окутуучусу Чолпонай Мырзакулова баштаган студенттердин командасы өз талантын жана билимин сынашты.
Иш-чара жобого ылайык үч этаптан туруп, 1-турда катышуучулар жандуу үн менен ырдалган чыгарамаларын тартып жөнөтүшсө, 2-турда белгилүү композиторлор боюнча эссе жазышкан. 3-баскычта финалдык беттеш Россия жергесинде өтүп, мында ОшМПУнун М-21 тайпасынын студенттери Каныбек кызы Болдукан, Маннапова Зарина, Мирбек уулу Адилеттен турган топ конкурста жеңүүчү аталышты.
Жыйынтыгында диплом, кубок жана жетекчиси Чолпонай Мырзакулоага ыраазычылык кат тапшырылды.
Комментарийлер