ОШМПУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ” ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

  • 22.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулук курамынын жыйыны болуп, Ош шаардык салык кызматынын сектор башчысы Асылбек Абдырай уулу “Бирдиктүү салык декларациясы” тууралуу маалымат берди.

ОШМПУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ” ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу, жеке жактар жана юридикалык тараптар 2022-жылдын 1-январынан баштап 2021-жыл үчүн милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыруусу керек. Буга байланыштуу окуу жайдын жетекчилиги Ош шаардык салык инспекциясына кайрылуу жасап, университеттин кызматкерлерине декларация тууралуу толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.

Бирдиктүү салык декларацияны тапшыруу жараяны кыргызстандыктар үчүн 2017-жылдын 1-январынан тарта башталган.

“Бирдиктүү салык декларациясы” деген эмне жана аны кимдер тапшырат?

Бул бир жылдык отчет. Мында ар бир жаран1 жыл ичиндеги кирешеси жана чыгашасы боюнча маалымат берет. Буга юридикалык жактардын баары, мамлекеттик жаан муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер жана патенттин негизинде салык төлөөчүлөр катышат. Бул менен бирге унаа каражатына, кыймылсыз мүлккө, үй-батир, жер тилкеси, дыйкан чарбасына ээ жеке жактар тапшырышы керек.

Декларацияны кайсы  убакытка чейин тапшыруу керек?

Юридикалык жактар 1-мартка чейин кабыл алынат. Ал эми жеке тараптар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен жарандардын башка категориялары 1-апрелге чейин тапшырышы керек.

Декларацияны тапшырбагандар үчүн кандай жаза колдонулат?

Мөөнөтүндө тапшырагандар административдик жазага тартылат. “Укук бузуулар” кодексинин 322-беренесинин негизинде жеке жактар 1000(миң) сом, юридикалык  тараптар 5000(беш миң) сом айып төлөйт.

Декларация кайдан жана кантип тапшырылат?

Юридикалык тараптар декларацияга катталган жери боюнча тапшыра алат. Ал эми жеке жактарга катталган же ошол тапта жашаган жери боюнча берилет.

Маалыматтарды декларация алган жерге келип, же болбосо атайын кат аркылуу жана электрондук кат менен толтурууга болот.

Декларацияда туура эмес маалымат жазылса эмне болот?

Ар бир тарап декларация тапшырууда туура эмес маалымат (кирешесинин суммасын өзгөртүү, мүлкүнүн санын азайтуу, көрсөтпөй коюу) берсе “Укук бузуулар” кодексинин 322-беренесине ылайык 1000 (миң) сом айып пул салынат.

Декларация тууралуу толук маалыматты кайдан алууга болот?

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номери боюнча Call-борбордон же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер