ОШМПУ ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 31.03.2022
  • 0

30-мартта Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз эл артисти  Роза Аманова жана Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин директору Түмөнбай Колдошов конокто болуп, жетекчилик менен баарлашып, окуу жай менен жакындан таанышты.

Жолугушууда алгач окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев өзү кабыл алып, бир топ маселелер үстүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул менен бирге ОшМПУ жана Эл аралык медициналык университети ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлдү. Мындан ары илимий долбоорлорду, маданий иш-чараларды, олимпиадаларды бирге ишке ашыруу пландалды.

Искусство илимдеринин доктору Роза Аманова КР Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтымышбаев атындагы философия, укук жана социалдык изилдөөлөр институтунда бөлүм башчы кызматын аркалайт. Бүгүнкү окуу жайга болгон иш сапарынын башкы себеби аталган бөлүмдүн сунуштарын жеткирүү жана алдыда бирге кызматташуу кызыкчылыгын көздөйт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ЭАМУ жана ОшМПУнун табигый илимий билим берүү адистиктеринин катышуусунда олимпиадаларды өткөрүү, салттуу музыкадагы искусство жаатында бөлүм ачуу сунуштары айтылды. Мыкты студенттер үчүн окуу жайдын атын алып жүргөн Мырсабековдун туугандарынын атынан стипендия уюштуруу боюнча пикирин билдирди.

Андан соң университеттин жалпы базасы менен таанышып, музыкалык-педагогикалык факультетинин ишмердигине жакындан күбө болду. Студенттердин аткаруусунда жагымдуу чыгармаларга ортоктош болуу менен жамаатка өзүнүн жакшы пикирлерин билдирди.

“Мугалим — бул өзгөчө кесип экенин, өзүбүз иштегенден кийин дагы терең түшүндүк. Учурда силер окуп жаткан кесип менен эртеңки муунду тарбиялап чыгасыңар. Баарыңарга ийгиликтер болсун. Алдыда мыкты долбоолордун үстүндө бирге иш алып барабыз деген пландарды койдук. Жолдошум Кубанычбек Жумалиевдин бир тууган агасы Анашбек Жумалиевич Мырсабековдун атын ушул окуу жай алып жүргөнү үчүн биздин үй-бүлөбүздүн атынан университеттин ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди жана мындан ары тыгыз байланышта болууну каалайм”, — деди Р.Аманова.

Ошондой эле музыка адистигинде билим алган студенттердин илим жактоо талабын аткаруу үчүн Роза Аманова аспирант даярдоо сунушун кабыл алды.  Алдыда эки окуу жайдын биргелешүүсүндө максаттуу долбоорлор ишке ашуусу күтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер