ОшМПУ ПЕРИСИ – 2023 СУЛУУЛАР СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 13.05.2023
  • 0

Бүгүн Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин  “ОшМПУ периси – 2023” кароо-сынагы өткөрүлдү. 

ОшМПУ ПЕРИСИ – 2023 СУЛУУЛАР СЫНАГЫ ӨТТҮ

Иш-чара  жаштардын эстетикалык табитин арттыруу максатында окуу жайдын жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, сынакка  ар бир факультеттен бирден тандалып алынган алты кыз катышты.

Алар жобого ылайык, саламдашуу, акыл карачач, таланттуу пери  жана стилдүү пери аттуу төрт турдун  негизинде өз таланттарын көрсөтүштү. Катышуучулар чыгармачылык менен саламдашып, билим  деңгээлин баалаган суроолорго жооп берип, жеке өнөрлөрүн тартуулап жана стилдүү кийинип басуу чеберчилигин көрсөтүү менен ар бир номерге өзгөчө даярдыкта катышышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 3-орунду Колледж бөлүмүнүн студенти Адинай Абдырахман кызы ээлеп, “Ийкемдүү пери” жана “ОшМПУ инстаграм жылдызы-2023” номинациясы менен сыйланды. 2-орунду Кыргыз-Россия факультетинин студенти Айзат Келдибаева камсыздап, “ОшМПУ таланттуу периси – 2023” номинациясына ээ болду. Ал эми 1-орунду  Музыкалык-педагогикалык факультетинин студенти Жасмина Садырбаева багындырып, “ОшМПУ периси – 2023” деп табылды.

Бул менен бирге байгелүү орундарга ээ болгон перилерге уюштуруу тобу тарабынан дипломдор жана  баалуу белектер тапшырылды. Ал эми жеңүүчүгө Ташкент шаарына  жана  “Ош периси-2023”  сынагына катышууга жолдомо берилди.

ОшМПУ ПЕРИСИ – 2023 СУЛУУЛАР СЫНАГЫ ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер