ОНЛАЙН УНИВЕРСИТЕТИ ИЗИЛДӨӨ УСУЛДАРЫ БОЮНЧА КОЛДОНМО ЧЫГАРДЫ

  • 31.10.2020
  • 0

Онлайн университети «Изилдөө усулдары: коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча колдонмо» аттуу алгачкы эмгегин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды.

Бул колдонмо коомдук жана гуманитардык илимдер багытында илимий иштерди жүргүзүү жана жазуу боюнча жаш илимпоздордун усулдук даярдыгын жогорулатуу үчүн даярдалган. Колдонмо КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын илимий иштерге коюлган жаңы талаптарына карата жазылган. Ал эл аралык абройлуу илимий басылмаларга макала жазуу талаптары боюнча учурда изилдөөчүлөргө кыргыз тилинде сапаттуу маалымат берет.

Колдонмо ОУнун негиздөөчүлөрү жана чет өлкөлөрдүн окуу жайларында иштеген кыргызстандык илимпоздор менен биргеликте жазылды. Ал дипломдук иш жазып жаткан  студенттерге жана магистрдик, кандидаттык, докторлук диссертацияларды жазып жаткан илимпоздорго арналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер