ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН II ЭТАБЫ ӨТӨТ

  • 17.01.2023
  • 0

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук этабы 19-20-январда өтөт. Ага мектептик баскычта 1-2-3-орунду алган окуучулар катышат.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН  II  ЭТАБЫ ӨТӨТ

Окуучулардын билим жарышы жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги жана анын аймактык  жалпы билим берүү уюмдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз уюмдарды тартуу менен өткөрүлүп келет. Райондук этап 10 предмет боюнча өткөрүлөт. Алар: биология, география, информатика, тарых, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, физика жана химия.

II этапты өткөрүү тиешелүү райондук жана шаардык  билим берүү бөлүмдөрүнө жүктөлөт. II этапта жумушчу орган болуп уюштуруу комитети, усулдук комиссия жана калыстар тобу саналат. Олимпиаданын райондук, облустук жана республикалык этаптарына тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлөт.

Бардык этаптар үчүн тапшырмалар мамлекеттик билим берүү стандартынын жана мектеп программасынын талаптарына ылайык түзүлөт. Тапшырмалардын мазмуну кадимки сабакта берилген суроолордон айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, окуу программасынан тышкары татаал мазмун. Андыктан катышуучулар мыкты билимин, ой жүгүртүүсүнүн тереңдигин жана акылгөйлүгүн (эрудиция) көрсөтүшү керек.

КАТЫШУУЧУЛАР САКТАЙ ТУРГАН ЭРЕЖЕЛЕР

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН  II  ЭТАБЫ ӨТӨТ

Эреже боюнча жазуу иштери көк түстөгү гана калемсап менен аткарылууга тийиш. Сынак учурунда сүйлөшүүгө, суроолорду берүүгө болбойт (алгачкы 30 мүнөт уюштуруу маселерин кароо мезгилден тышкаркы).

Кандайдыр бир жазуулар, предметтер менен алмашууга, уруксатсыз ордунан турууга, эрежелер менен тыюу салынган предметтерди пайдаланбаса да, уюлдук телефонду, фотоаппаратты, кулакчындарды, башка интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ же ээ эмес электрондук буюмдарды, эрежелер менен уруксат берилген буюмдардан тышкары окуу китептерди, бардык  колдонмолордун түрүн алып жүрүүгө тыюу салынат.

30 мүнөттөн ашык убакытка кечиккендер, себебине карабастан, олимпиадага катышууга жол берилбейт. Катышуучулар тапшырманы алгач биринчи кол жазмада (черновикте) аткарышы керек, андан кийин гана  негизги таза баракка жазууга болот. Тапшырманы аткаргандан кийин окуучулар өз алдынча иштегенин тастыктоочу биринчи кол жазманы да тапшырат. Бирок негизги таза баракка жазылган тапшырмалар гана текшерилет.

Тур аяктагандан кийин катышуучулар аткарган иштерин администраторго тапшыруусу шарт, администратор тиешелүү протокол менен код берүүчүгө берет.

Ар бир турда катышуучунун ишине өз-өзүнчө код берилет, ошондуктан ар түрдүү кодго ээ болот. Окуучунун ишинде уруксат берилбеген жазуулар, белгилер ж. б. табылган учурда код берүүчү аны Олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасына берет. Төрага жаңыдан түзүлгөн калыстар тобу менен ишти  баалоо же  катышуучуну  дисквалификациялоо  жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Жогорудагы эрежелерди бузган учурда, уюштуруу комитети дисквалификациялоонун себептерин көрсөтүү менен акт түзүп, катышуучуну сынактан четтетет. Четтетилген катышуучу ушул жылдагы олимпиадага андан ары катышуу укугунан ажыратылат.

БАРДЫК ПРЕДМЕТТЕР БОЮНЧА ОЛИМПИАДА 2 ТУРДАН ТУРАТ

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН  II  ЭТАБЫ ӨТӨТ

Биринчи тур — теориялык. Ал кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, физика, химия, биология, география, тарых боюнча жазуу түрүндө жүргүзүлөт. Математика предмети боюнча эки тур тең жазуу түрүндө аткарылат.

Экинчи тур — практикалык. Кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили боюнча оозеки  жүргүзүлөт. Физика, химия, биология жана география боюнча практикалык тур зарыл жабдуулар менен жабдылган аудиторияда өтөт. Ал эми информатикадан болсо, компьютерди  колдонуу менен өткөрүлөт. Информатика предметинен тышкары бардык предметтер жазуу жүзүндө болот.

Практикалык тур өтө турган күнү аудиторияга кирүү алдында ар бир катышуучуга администратор катышуучунун аты-жөнүн алмаштырган код берет. Код берүү  олимпиаданын экинчи турун өткөрүү күнү жүргүзүлөт.

Олимпиада бардык этаптарда англис тили предметинен тышкары мамлекеттик жана расмий тилдерде өткөрүлөт. Англис тили боюнча сынакка катышууга, тилди алып жүрүүчү өлкөгө барып, алты айдан ашык жашап келген окуучуларга жол берилбейт.

Физика, математика, химия, биология жана англис тили предметтери боюнча сынактар  базалык план боюнча окутулган мектептердин окуучуларынан жана башка предметтер тереңдетилип окутулган мектептерден тышкары өткөрүлөт. Уюштуруу комитети окутулган окуучуларды өзүнчө командаларга бөлөт. Башка предметтер боюнча аталган мектепте предметти тереңдетип өздөштүрүү болбосо, бөлүштүрүү жүргүзүлбөйт. Сынак жалпы билим берүү предметтери боюнча окутуу классына карабастан толук орто мектептин программасы боюнча өткөрүлөт. Ар бир катышуучуга предмет боюнча өзүнчө жабдылган жумуш орду берилет. Бардык жумушчу орундар катышуучуларга бирдей шарттарды камсыз кылууга, санитардык эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. Олимпиаданын бардык турларында тапшырмалардын аткаруусуна төрт  сааттан ашык убакыт берилбейт. Катышуу үчүн окуучудан акы алууга жол берилбейт.

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮ ДАЯР

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫНЫН  II  ЭТАБЫ ӨТӨТ

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова төмөнкүлөргө токтолду:

  • Учурда республикалык олимпиаданын 2-турун уюштуруу үчүн зарыл болгон бардык иштер аткарылды. Район жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө тийиштүү тапшырмалар берилди. Жылдагыдай эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тапшырмаларды түзүп, даярдап берет. Олимпиаданын 1-2-3-турларын өткөрүү жана  уюштуруу милдетин райондук, шаардык, облустук билим берүү борборлору алат. Ал эми акыркы 4-турун Билим берүү жана илим министрлиги өткөрөт.

Алыскы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев дагы райондо олимпиадага даярдыктар мыкты экендигин билдирди.

  • Олимпиада райондун борборундагы Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектепте өткөрүлөт. Бул мектепте бардык шарттар камсыздалып,  90 заманбап компьютерлер менен жабдылган. Интернет байланыш мыкты сапатта.  Бардык катышуучуларга эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт деп ойлойм. Жалпы районубуздун мектептери боюнча 1-2-3-орунду алган 430 окуучу катышканы турат. Райондук билим берүү кызметкерлерине, медицина жана коопсуздукту сактоо кызматкерлерине алдын ала билдирүүлөр жиберилди, — дейт жетекчи.

Фархат Каныбеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер