Окутуучулар «Баластан» бала бакчасында

  • 17.09.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Назгүл Абдраева, доцент Эркина Омуралиева жана ага окутуучу Эльмира Тентиева Бишкек шаарындагы №59 «Баластан» бала бакчасында тарбиячыларга методикалык колдоо көрсөтүү максатында тренинг өтүштү.

Окутуучулар «Баластан» бала бакчасында

Тренингдин жүрүшүндө жаңыдан бала бакчага кабыл алынган балдардын коркуу жана кооптонуу сезимдерин жоюунун интерактивдүү ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле, бала бакча тарбиячылары интерактивдүү оюндар, атайын көнүгүүлөр жана башка ыкмалар аркылуу балдардын психологиялык абалын жакшыртуунун жолдорун үйрөнүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер