ОГПИДЕ “СОЦПАКЕТ” ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРДИ

  • 25.02.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамын жана административдик чарба кызматкерлерин материалдык жактан колдоо максатында “Социалдык Пакет” долбоору ишке кирип, жардамга муктаж окутуучуларга 50 000 сомдон акчалай каражат бериле баштады.

ОГПИДЕ “СОЦПАКЕТ” ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРДИ

Окуу жай жетекчилиги бул долбоор өзгөчө эки-үч баласы бар жалгыз бой окутуучулар үчүн иштелип чыкканын жана берилген каражат кайра кайтарылбай тургандыгын билдирди.

  • Эсептеп көрсөк, элүү миң сомго бир топ нерсе келет экен. Мисалы, 15 миң сомуна кир жуугуч машина, 15 миң сомуна муздаткыч алса, калган 20 миң сомуна бир жылга жеткидей азык-түлүк камдап алса эле кандай чоң тыгынчык болот. Бул каражатты сый акча катары берип жатабыз, — дейт  институттун ректору Бекмурза Зулпуев.

Бул долбоор окуу жайдын атайын каражатын эффективдүү пайдалануунун натыйжасында ишке ашырылууда.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер