ОГПИ-ЯПОНИЯ БАЙЛАНЫШЫ – ЖАШТАРГА ЖАРКЫН ЖОЛ АЧАТ  

  • 23.10.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алдында түзүлгөн “Японияга жумушка орноштуруу” борбору учурда бир топ алгылыктуу кадамдарды таштап, эл аралык аренада жаштар үчүн мыкты долбоорлорду  жүзөгө ашырууда. Мунун алкагында 20-октябрда институтта тиешелүү тараптар менен жолугушуу болуп, ага ректор Бекмурза Зулуев,  Япониянын “ЮМЕХАЩИ” компаниясынын өкүлдөрү ТЕЦУЯ АСАНО жана Кунгуров Дастан, ошондой эле аталган борбордун директору Жийдегүл Мамашева катышты.

ОГПИ-ЯПОНИЯ БАЙЛАНЫШЫ – ЖАШТАРГА ЖАРКЫН ЖОЛ АЧАТ  

Жолугушуунун жүрүшүндө Б.Зулуев “Японияга жумушка орноштуруу” борборунун аткарып жаткан жигердүү ишин баалап, борборго окуу жай тарабынан максималдуу колдоо болоорун белгилеп, Япония өлкөсү менен болуп жаткан алаканын жакшырышына себепчи болуп келип отурган конокторго жамааттын атынан ыраазычылык билдирди.  Мындан тышкары  Япония менен ОГПИнин ортосундагы байланышты бекемдөө, “Аймак таануу” жана “Социалдык иш” багыттары боюнча билим алып жаткан студенттерди 2021-жылы Японияга практикага, окууга жиберүү, окууну аяктаган соң Японияга жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле 2020-жылга коюлган иш пландар COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылгандыгы тууралуу чечим кабыл алынып, мындан ары да Япония менен Кыргызстандын жаштарын Японияга жиберүү иштери күчөтүлөөрү айтылды.

Белгилей кетсек, ТЕЦУЯ АСАНО мындан ары ОГПИдеги жана Оштогу япон тилин окуган студенттердин тил үйрөнүү деңгээлин жогорулатууга өз салымын кошоорун билдирип, япон тилинен мугалим болоору маалым болду.

.

Бөлүшүү

Комментарийлер