НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

29- декабрь Ноокен районунда акимдин балдарга арналган  жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамга райондун аймагында билим алган 26 000 окуучунун ичинен 130 окуучу чакырылды.  Ага райондун аймагындагы айыл өкмөттөрдөн жана Кочкор-Ата шаарынан келген окуучулар катышышты. Ошондой эле, райондун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, предметтик олимпиадалардын женүүчүлөрү, Шайдан айыл аймагына караштуу Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин окуучулары жана Масы, Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин окуучулары  катышышты.

Балдарга концерттик программа жана театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлүп, Масы жана Кочкор-Ата музыкалык мектептеринин таланттуу жаштары ыр, бий тартуулашты.  Ноокен райондук  администрациясынын башчысы Э. С. Маматаев тарабынан балдарга 40 миң сомдук  жаңы жылдык белектер тапшырылды.

НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

 

НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

 

НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

 

НООКЕНДЕГИ БАЛАТЫ МАЙРАМЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер