НАРИСТЕЛЕРГЕ СҮТТӨЙ ТАЗА НИЕТИН ТАРТУУЛАГАН ТАРБИЯЧЫЛАР

  • 18.09.2025
  • 0

Быйылкы “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” сынагына 26 талапкер катышуусу күтүлүүдө. Ага райондук, облустук турларда атаандаштарынан алдыга озгон мыктылардын мыктысы катышмакчы. Педагогдордун чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, окутууда жаңы технологияларды колдоо жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу максатын көздөгөн сынакта республикабыздын бардык облустарынан, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын мектепке чейинки мекемелеринде иштеген адистер күч сынашат. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, сынактын финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт.

“Балдардын айнектей таза жүзү, быйтыйган колдору чарчаганымды жазат”

 

НАРИСТЕЛЕРГЕ СҮТТӨЙ ТАЗА НИЕТИН ТАРТУУЛАГАН ТАРБИЯЧЫЛАР

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылындагы “Бөбөктай Бай Эл” бала бакчасынын усулчусу Өмүрбек кызы Кундузган сынакка “Жылдын мыкты усулчусу” номинациясы боюнча катышууда. Кундузгандын өмүр таржымалына кыскача токтоло кетсек: 1998-жылы Жон-Булак айылында төрөлүп, ошол эле айылдагы орто мектепте билим алган. 2017-жылы Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжди артыкчылык диплом менен аяктаган.

— Биринчи педагогикалык эмгек жолумду Жети-Өгүз айылындагы «Бөбөктай Бай Эл» бала бакчасында тарбиячы болуп баштагам. Өз кесиптерин сүйгөн, балдар үчүн жан дилинен изденип иштеген тарбиячы эжейлер, ишимде жол көрсөтүп, колдоп, жардам беришкени али күнчө эсимде. Тажрыйбалуу тарбиячы эжейлеримдин колдоосу менен жамаатка бат көнүп кеттим. Талыкпай изденүү менен иштегенимдин натыйжасында усулчу болуп дайындалдым. Учурда жаңы келген тарбиячы эжейлерге заманбап педагогикалык технологияларды, жаңы методдорду жана инновациялык ыкмаларды активдүү колдонууну окутам. Балдарды тарбиялоодо жана окутууда оюн аркылуу үйрөтүү, интерактивдүү методдор, мультимедиалык каражаттар, көргөзмөлүү материалдар менен иштөө ыкмаларын үйрөтүп, сабак өтүү жолдорун көрсөтүп берем. Кесипкөй педагог болуу үчүн талыкпай изденип, өз билимин өркүндөтүп туруу керек. Кичинекей жүрөктөрү таза, жан дүйнөсү сүттөй ак наристелер менен иштөө менин өзүмө да аябай дем күч берет. Айрыкча чарчап-чаалыгып турганда мотурайган балдардын айнектей таза жүздөрүн көрүп, бытыйган колдорун кармаганда баарын унутуп, чарчаганым жазылат.

Өзүмдүн билим деңгээлимди текшерүү максатында сынактын облустук турунда “Мыкты усулчу” номинациясы боюнча катыштым. Көрсөткөн ийгиликтеримдин натыйжасында республикалык турга катышканга жолдонмо алдым. Бул жетишкендикке талыкпай изденүү менен иш алып баруу жана кесиптештеримдин колдоосу менен жеттим деп ойлойм. Ишимдин үзүрүн көрүп, эмгектерим бааланып диплом, грамота, ыраазычылык барактары менен сыйландым. Республикалык сынакка катышуума колдоо көрсөткөн облустук билим берүү инистутуна, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнө, өзүм эмгектенген бала бакчанын башчысына жана кесиптештериме терең ыраазычылык билдиремин, — дейт.

“Тарбиячы – саяпкер, бала – талпынып учкан куш”

 

НАРИСТЕЛЕРГЕ СҮТТӨЙ ТАЗА НИЕТИН ТАРТУУЛАГАН ТАРБИЯЧЫЛАР

“Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясы боюнча сынакка катышып жаткан Сыргакбек кызы Толгонай Талас облусуна караштуу Кеңеш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектепти артыкчылык аттестат менен аяктаган. Толгонай мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай маданий иш-чараларга, райондук, облустук олимпиадаларга активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келген.

— “Мугалим мөмөлүү дарак” демекчи, мектепте окуп жүргөндө эле мугалимдик кесипти аркалап, балдарга билим берүүнү кыялданчумун. 2009-жылы апам мени колумдан жетелеп шаарга алып келгенде, Бишкек Гуманитардык университетин тандагам. БГУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча жогорку билим алдым. Экинчи курста окуп жүргөндө турмушка чыктым. Кудайым буюруп, эң жакшы адамдардын үй-бүлөсүнө келин болдум. Кайын журтумдун, жолдошумдун колдоосу менен бир дагы күн сабактан калбай окудум. Алардын менден мыкты педагог чыгат деген ишеними мени ого бетер шыктандырды. Учурда беш баланын сүйүктүү ата-энесибиз. Алгачкы эмгек жолумду Бишкек шаарындагы №88 мектепте мугалим болуп иштөө менен баштагам. Албетте, учурунда көп эле кыйынчылыктар болду. Түнү бала менен, күндүзү мектепте дегендей, аялзатынын түмөн-түйшүктөрү көп эмеспи, бирок өзүм тандаган кесибиме болгон сүйүүм, тоскоолдуктарды жеңүүдө дем-күч берип келатат. Заман талабына ылайык тынымсыз изденүү жолунда келатканым өзүнүн жемишин бербей койгон жок. Бишкекте иштеп жүргөндө эле мектепте өткөн ар түрдүү мелдештерге катышканды жакшы көрчүмүн. Балким ошондонбу, кийин Таласка көчүп барганда да ошол тажрыйбаларымдын негизинде сынактарга катышып, билим көрөңгөмдү толуктоого умтулуп жүрдүм. Учурда Талас шаарындагы №6 «Теремок» мектепке чейинки билим берүү уюмунда кыргыз тили мугалими болуп эмгектенем.

Наристелер сүттөй аппак таза болушат эмеспи, биз, саяпкерлер, аларды кандай таптасак, ошондой талпынып учушат. Ошол балдардын бийик учушу үчүн мен ар дайым канат, бел болгум келет. Мен даярдаган балдар “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында үч жыл катары менен биринчиликти бербей келишет. Өзүмдү өстүрүш үчүн ар кандай тренинг, ачык сабак, семинарларга барып, талыкпай тажрыйба алмашууга басым жасайм. Натыйжасы жаман эмес, шаардык, облустук, республикалык турларга катышып байгелүү орундарга жетишип келатамын. Эми ошол билимимди, тажрыйбамды республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын «Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими» номинациясында сынап көрүү үчүн даярдануудамын. Мага ишенип, колдоп-коштогон бардык жетекчилерге, кесиптештериме ыраазычылык билдирүү менен, алдыдагы чоң сынакта талапкерлердин баарына ийгиликтерди каалайм, — дейт Толгонай айым.

“Музыка – баланын жан дүйнөсүн тарбиялоочу, эс-туюмун кеңейтүүчү керемет күч”

НАРИСТЕЛЕРГЕ СҮТТӨЙ ТАЗА НИЕТИН ТАРТУУЛАГАН ТАРБИЯЧЫЛАР

Ибраимжанова Элмира Исраилжановна 1977-жылдын 22-январында Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. Элмира Исраилжановна республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы-2025” сынагында “Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси” номинациясы боюнча билим таймашында ат салышууда.

— Мен 1995-жылы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатын ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классында билим алгам. 2000-жылы Ош шаарындагы Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик окуу жайында кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө мугалим болуп алгачкы эмгек жолумду баштагам.

2011-жылдан тартып №40 «Наристе» бала бакчасында музыкалык жетекчи болуп иштеп, балдарды улуттук музыка дүйнөсүнө тартуу менен тарбиялоо багытында үзүрлүү эмгектенип келатамын. Эки уул, эки кызым бар. Максатым – бала бакчадагы ар бир бөбөктүн жүрөгүнө музыка аркылуу жол табуу, алардын руханий дүйнөсүн байытуу жана чыгармачылыкка болгон табигый шыктарын ойготуу.

Музыка – бул жөн гана үн эмес, бул баланын жан дүйнөсүн тарбиялоочу, ой жүгүртүүсүн калыптандыруучу, эс-туюмун кеңейтүүчү керемет күч. Музыкалык жетекчи катары мен балдардын музыканы угуу, ырдоо жана ритмди сезүү жөндөмдөрүн ар тараптуу өнүктүрүүнү көздөйм. Ошондой эле кыргыз элинин байыркы мурастарын – улуттук обон, күүлөрдү жана элдик аспаптарды тааныштырып, алардын маданиятка болгон сый-урматын арттырууну кыялданам. Ар кандай ыр-бий, оюн, музыкалык тапшырмалар аркылуу балдардын чыгармачылыгын, фантазиясын жана өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө умтулам. Музыка аркылуу бөбөктөрдү боорукерликке, достукка, ынтымакка жана жамаат менен иштөөгө тарбиялоого болоруна терең ишенем. Баланын ар бир кыймылын, үнүн, эмоциясын баалап, анын кичинекей ийгиликтерин чоң кубанычка айлантуу менен шыктандырам, — дейт кесипкөй адис.

«Эмгегимдин эң чоң сыйлыгы – балдардын таза сүйүүсү»

НАРИСТЕЛЕРГЕ СҮТТӨЙ ТАЗА НИЕТИН ТАРТУУЛАГАН ТАРБИЯЧЫЛАР

Ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2025» республикалык сынагынын «Мыкты тарбиячы» номинациясы боюнча Баткенден келаткан Венера Рахманова «Баластан» бала бакчасынын тарбиячысы.

— Менин педагогикалык жолго түшкөнүмө 13 жыл болуптур. Бул жолду тандап алышыма апамдын мугалим катары элге берген талыкпас эмгеги, балдарга болгон чексиз сүйүүсү түрткү болду. Анын сабырдуулугу жана кесибине болгон берилгендиги мен үчүн эң мыкты үлгү. Тарбиячы болуп эмгектенген жылдарымда көптөгөн балдардын алгачкы кадамдарына күбө болуп, алардын чыгармачылыгы менен өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу мен үчүн чексиз кубаныч. Эмгегимдин баасын берчү эң чоң сыйлык – бул балдардын таза күлкүсү, ата-энелердин ыраазычылыгы жана кесиптештердин колдоосу. Мен шаардык жана облустук деңгээлдеги “Мыкты тарбиячы” сынагында биринчи орунду ээлеп, республикалык турга жолдомо алганыма өзгөчө сыймыктанам. Бул мен үчүн жөн гана жетишкендик эмес, кесибиме болгон берилгендиктин жана талыкпас эмгектин жемиши. Сынак мага педагогикалык иштин жаңы горизонтторун ачып, чыгармачылыкка шыктандырат. Балдарга болгон сүйүүмдү жана күн сайын колдонгон методдорумду башкалар менен бөлүшүү аркылуу тарбиячылык иштин кадырын арттырууну эң негизги максатым деп билем. Менин чыгармачылык философиям – ар бир бала өз алдынча кайталангыс дүйнө экенин терең сезүү. Тарбиячынын милдети – ошол өзгөчөлүктү көрүп, аны өркүндөтүү. Баланын ар бир суроосу – жаңы ачылышка жол ачкан терезе, ар бир оюн – жаңы идеялардын башаты.

Мен үчүн чыгармачылык – жөн гана сүрөт тартуу же ыр жазуу эмес, күн сайын балдардын ички дүйнөсүн ойготкон, алардын кыялын эркин учурууга шарт түзгөн жандуу процесс.

Иш тажрыйбамда мен балдардын кызыгуусун арттыруу үчүн бир катар ыкмаларды айкалыштырам. Алсак, жомок терапиясы – балдар өздөрү жомок куруп, каармандарын ойдон чыгарып, өз оюн көркөм тил менен айтууга үйрөнүшөт. Ал эми көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк сабактары – табигый материалдардан жасалган сүрөттөр, аппликациялар аркылуу майда моториканы жана эстетикалык сезимди өнүктүрөт. STEM-долбоорлор – жөнөкөй эксперименттер, конструкторлор менен иштөө аркылуу балдардын изилдөөчүлүк жөндөмүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн күчөтөт.

Бул ыкмалар ар бир балага өзүнүн кыял дүйнөсүн ачууга, жаңы нерсени таап үйрөнүүгө жана өз күчүнө ишенүүгө жол берет. Чыгармачылыкты ушундай багытта өркүндөтүү – менин педагогикалык ишимдин жүрөгү болуп саналат. Алдыдагы жылдарда балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейткен, чыгармачылыгын өстүргөн заманбап методдорду активдүү киргизүүнү, STEM багытындагы ийримдерди өнүктүрүүнү жана тарбия процессине инновациялык технологияларды пайдаланууну максат кылам, — дейт Венера Рахманова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер