НАДИРА ЖУСУПБЕКОВА МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 15.11.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасы А.Жапаровдун тескемеси  менен билим жана илим министринин орун басары болуп билим берүүнүн мыктысы Надира ЖУСУПБЕКОВА дайындалды. 

НАДИРА ЖУСУПБЕКОВА МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

 

Надира Сынташевна бул орунга экинчи жолу келип жатат. Өткөн жылы май айында ээлеген ордунан  өз каалоосу менен кеткен болчу. Бирок мектептик билим берүү системасын  тажрыйбалуу, дасыккан, тармакты  жакшы билген  адис  үчүн министр Догдуркүл Кендирбаеванын сунушу менен үстүбүздөгү жылдын март айынан бери министрдин кеңешчиси болуп иштеп келди. Бул учурда ал билим берүү тармагында жүрүп жаткан жалпы трансформациялоо иш-аракеттерине баш оту менен кирип, ак дилинен иштеп жатканын айтпай койбосок болбостур. Бул жолу дагы  министр айымдын сунушу менен ал кайрадан өз ордуна келди.

Анын ишмердүүлүгүнө көз чаптырсак, Н.Жусупбекова 1981-1986-жылдары – Фрунзе шааарындагы  орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда  улуттук мектепте орус тили жана адабияты мугалими адистигине окуп, ийгиликтүү аяктаган.

2018-2023-жылдары КР Билим берүү жана илим министринин орун басары;  2017-2018-жж. — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Инновациялык технологиялар борборунун жетекчиси; 2013-2014-жж. — Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; 2005-2013-жж. — Бишкек шаарындагы №61 Автордук физика-математика мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары; 2000-2005-жж. — Бишкектеги No61 Автордук физика-математика мектебинин кыргыз тили мугалими; 1990-1991-жж. – Бишкек шаарындагы №19 мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими; 1987-1990-жж. Таш-Көмүр шаарындагы No3 Т.Молдо атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими; 1986-1987-жж. — Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун  Калинин районундагы Степнинское орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келди.

Надира Сынташевнага ишине ийгилик каалайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер