«МЫКТЫ ОКУРМАН» СЫНАГЫ
- 04.02.2023
- 0
Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын мугалимдери Абылкасымова Айпери жана Темирбекова Сезим залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата 4-класстар арасында жазуучунун чыгармалары боюнча «Мыкты окурман» конкурсун уюштурду.
Конкурс эки турдан туруп, жалпы 87 окуучу катышты. Биринчи турунда Ч. Айтматовдун «Гезитчи Дзюйо»чыгармасынан тест түрүндө тапшырма берилип, бардык суроолоруна туура жооп берген 7 окуучу экинчи турга өтүштү. Кийинки турда “Атадан калган туяк” чыгармасынан үч тапшырма берилди. Биринчи тапшырманы окуучулар ата-энелери менен биргеликте сахналаштырышса, экинчи тапшырмада бир мүнөттүн ичинде суроолорго жооп берүү, үчүнчүсүндө чыгарманын үстүнөн ой жүгүртүү болду.
Бардык тапшырмалар боюнча эң жогорку упай топтогон 4-«д»- классынын окуучусу Жакшылыков Райан 1-орунду, 4-«б» классынын окуучусу Тургамбаева Жазел 2-орунду, 4-«а» классынын окуучусу Абдиназаров Нуркамил 3-орунду ээлеп, уюштуруучулар тарабынан атайын белектер жана лицейдин мактоо баракчалары менен сыйланышты.
Аманбүбү МУСАЕВА, Бишкек шаары
Комментарийлер