МЫКТЫ АГАЙ

  • 04.10.2022
  • 0

Ош шаардык «Жылдын мыкты мугалими — 2022» сынагы өткөрүлүп, №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин математика мугалими Акылбек уулу Нурсултан I орунду ээлеп, Daewoo Matiz III авто унаа менен сыйланган.

Нурсултан бүгүн республикалык баскычында Ош шаарынын намысын коргоп жатат.

Сынактын биринчи турунда өзүн-өзү тааныштыруу номинациясында заманбап мугалим экенин ал тастыктады. Эми эң башкысы — мугалимдин сабак өтүүсү. Ал 8-класска геометриядан ачык сабак өттү.

— Акылбек уулу Нурсултан Ош шаарында өткөрүлгөн сынактын финалисти катары республикалык сынакта катышып жатат. Мугалим жаш болгонуна карабай, өтө жигердүү мугалим. Математика мугалими болгону менен ал ар тараптуу интеллектуалдык деңгээлин жогору кесипкөй адис. Ошон үчүн аны баалап, сынакка катыштырдык. Ал өзүнүн даремети, чыгармачылыгы менен белгилүү. Математика илиминен сырткары “Билерман ордо” таланттуу балдардын клубун жетектеп келет. Бир нече педагогикалык журналдарга байма-бай өзүнүн жаңы усулдарын, жаңы ачылыштарын, көйгөйлүү маселелерди айтып, анын чечүү жолдорун аныктап, жарыялап турат.

Өзгөчөлүгү – балдарды бир гана предметке таңуулабай, башка предметтер менен байланыштырып, ар бир баланын өзүнүн дареметин, талантын өстүрөм деген жакшы усулу бар. Өзүнүн предметинде окуучу математик болбосо дагы, ошол эле предметте баланын башка талантын өнүктүрүү, эс-тутумун өрчүтүү, сүйлөө речин өнүктүрүү усулдарын колдонуп, сабактарды өтүп келет.

Жаңы стандартты, STEMди дагы  жакшы өздөштүрө алган адис. Дайыма жергиликтүү массалык-маалымат каражаттары аркылуу, жакын жайгашкан район, шаарларда жаш кадрлар менен биригип, башка жерлерге да семинар, усулдук кеңешмелерге катышып, сунуштарды берип келет. Ал мыкты тренер десек да болот, — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Кутман Камчиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер