МУГАЛИМДЕРДИН МЕДИАСАБАТТУУЛУК СЕМИНАРЫ

  • 28.04.2023
  • 0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептерде иштеген мугалимдер үчүн медиасабаттуулук боюнча облустук семинар уюштурулду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун кызматкери,  «МедиаСабак» коомдук фондунун Түштүк региону боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.МУГАЛИМДЕРДИН МЕДИАСАБАТТУУЛУК СЕМИНАРЫ

 

Ош облусу жана Ош шаарындагы медиасабаттуулук жаатында иш алып барган мугалимдер үчүн уюштурулган бул иш-чара Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп гимназиясынын, Кычан Жакыпов атындагы № 61 зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы № 69 мектеп гимназиясынын базасында өттү.МУГАЛИМДЕРДИН МЕДИАСАБАТТУУЛУК СЕМИНАРЫ

«PISA-2025 изилдөөсүнө даярданууда медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун ролу» деп аталган облустук семинар Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык өтүп, ага облустун райондорунан, ошондой эле Ош шаарынан мектептик медиа бурчтарды уюштуруп келаткан мугалимдер, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүндөгү медиасабаттуулук боюнча жооптуу усулчулар, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Сыдык Алайчы уулу атындагы № 87 инновациялык мектеп гимназиясынын тарых-медиа музейи, STEAM предметтеринин лабораториялары жана «Кыргыз-Чек» киностудиясы ийриминин ишмердүүлүгү менен таанышып, өз пикир-сунуштарын билдиришти. Андан соң катышуучулар үчүн Кычан Жакыпов атындагы № 61 зээндүү балдардын жатак-гимназиясынын окуучулары тарабынан медиасабаттуулуктун өнүгүү тарыхына байланышкан сахналык көрүнүштөр уюштурулуп, окуучулар медиа бурчтардын ишин алып баруудагы, ошондой эле тынчтык клубдарын уюштуруудагы эмгектери менен таанышты. Андан тышкары, бул мектептин PISA-2025 изилдөөсүнө даярдануудагы алдыңкы иш-тажрыйбалары көрсөтүлдү.

МУГАЛИМДЕРДИН МЕДИАСАБАТТУУЛУК СЕМИНАРЫ

Облустук семинардын соңунда Чыңгыз Айтматов атындагы № 69 мектеп гимназиясынын окуучулары улуу жазуучунун чыгармаларына байланыштуу номерлерди аткарып, өз таланттарын тартуулашты. Муну менен катар мектеп жетекчилиги келген конокторго мектептин сайтын презентациялап, медиа борборунун тарыхы менен тааныштырып өткөн Иш-чара облустук семинарды уюштурууга кошкон салымдары үчүн аталган мектептердин эмгек жамааттарын, ошондой эле алдыңкы иш-тажрыйбасы жайылтылган мугалимдерди Ош билим берүү институтунун Ыраазылык баракчалары, Ардак грамоталары менен сыйлоо менен жыйынтыкталган.

Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мугалимдер медиасабаттуулук жаатындагы алдыңкы иш-тажрыйбаларды жайылтуу максатында ушундай иш-чараларды кезектешип өткөрүүнү адатка айлантышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер