МУГАЛИМДЕРДИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ
- 06.02.2025
- 0
Курстар мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө үйрөтүүгө багытталган.
5-февралда башталган тренингдердин 5-этабы 1 600гө жакын мугалимди камтыйт. Буга чейинки этаптарда 14 000ден ашык мугалим окутулган.
Окутуулар математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүрүүдө.
Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мастер-тренерлер тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер;
- кошумча электрондук материалдарды изилдөө;
- алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгуу;
- мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышуу;
- жаңы форматта сабактарды өткөрүү.
Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасын түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.
Комментарийлер