МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН САНАРИПТИК ОКУТУУ ЖАНА ТАРБИЯЛОО ПЛАТФОРМАЛАРЫ

  • 14.10.2022
  • 0

МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН САНАРИПТИК ОКУТУУ ЖАНА ТАРБИЯЛОО ПЛАТФОРМАЛАРЫ

2022-жылдын 24-октябрынан тартып Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорун, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн жана билим берүү башкармалыктарынын адистерин алардын билимин жана көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн иштелип чыккан “Билимдүү муун” санариптик платформасын жана “Беббо” ата-энелер үчүн мобилдик тиркемени колдонуу боюнча онлайн окутууларды баштайт.

“Билимдүү муун” санариптик платформасын жана ата-энелери үчүн “Беббо” жаңы мобилдик тиркемени Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте иштеп чыккан.

“Билимдүү муун” — бул ийкемдүү санариптик окутуу платформасы. Бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

“Билимдүү муун” https://kyrgyzstan.learningpassport.unicef.org/ шилтеме боюнча жеткиликтүү.

“Беббо” тиркемеси — ата-энелер үчүн иштелип чыккан универсалдуу мобилдик тиркеме. Ата-энелер тиркемеден төрөлгөндөн баштап 6 жашка чейинки балдардын өнүгүү көрсөткүчтөрүн көзөмөлдөп турууга болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер