“ММС ЭЛЕМЕНТТЕРИ КАМТЫЛГАН ВИДЕОСАБАК” СЫНАГЫ БАШТАЛДЫ

  • 18.09.2020
  • 0

“ММК Колдоо Борбору” Фонду ушул жылдын 20-сентябрынан 25-октябрына чейин Кыргызстандын бардык мектеп мугалимдеринен медиа-маалыматтык сабаттуулуктун (мындан ары – ММС) элементтери камтылган видеосабактарды кабыл алат. Сынак медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү, интернет коопсуздугун жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулууда.

Фонддун долбоорлор боюнча ассистенти Каныкей Кененсариеванын айтымында, сынактын максаты ММС элементтерин тааныштыруу аркылуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү; санариптик сабаттуулукка жана Интернет чөйрөсүндөгү коопсуздук боюнча окутуу, мектеп мугалимдеринин кесиптик жана чыгармачыл өнүгүүсүн колдоо болуп эсептелет. Мындан тышкары ал аталган сынактагы видеосабактар ​​заманбап технологияларды колдонуу менен иштелип чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турушу керек.

Сынактын деталдуу шарттары менен таанышуу үчүн https://mediasabak.org/kg/news/167/ шилтемеси аркылуу кирип, атайын форманы толтуруп жөнөтүү керек.

Эмгектер 20-сентябрдан 25-октябрга чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы 5-ноябрда жыл сайын өтүүчү форумда чыгарылат.

Сынактын байге фонду:

1-орун — ноутбук;

2-орун — ноутбук;

3-орун — ноутбук.

Финалисттерди тандоо “ММКны Колдоо Борбору” фонду тарабынан сынактык негизде жүргүзүлөт.

Бардык кошумча суроолор үчүн төмөнкү байланыш даректерине кайрылсаңыздар болот: 0707 112 255 (Whatsapp) — Каныкей Кененсариева, 0777 230 286 — Тынчтыкбек Досмуратов же [email protected] электрондук дарегине кат жазыңыздар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер