МИНИСТРЛИКТЕ  ЖОГОРКУ ТЕХНОЛОГИЯЛАР БОРБОРУН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАР ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 16.07.2021
  • 0

16-июлда Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Россия-Борбордук Азия Жогорку технологиялар борборун / Евразиялык инвестициялык хабды түзүү боюнча демилгечи топтун жетекчиси М. Федоров менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө технологиялык өнөктөштөрдү жана зарыл болгон кошо каржылоону тартып келүүнү координациялап, борбордун тең уюштуруучусу жана тең негиздөөчүсү ролун аткарууга даяр турган Бишкек шаарындагы Технологиялык эгемендикти экспорттоо ассоциациясынын жардамы менен жогорку технологиялар борборун түзүү боюнча эки тараптуу иш-чаралар талкууланды.

Жолугушууда Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасы жогорку технологиялар жаатында кооперациялар үчүн бир кыйла перспективалуу жана динамикалуу аймактардын бири болуп санала тургандыгы белгиленди. Бишкек шаарында борборду чектөө бул жаатта орус-кыргыз кызматташтыгынын дараметин чыңдоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева бул демилге илимге сыйымдуу технологияларды трансферлөө, негизги билим берүү долбоорлорун жана илимий долбоорлорду, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу жана Борбордук Азиянын интеллектуалдык ресурстарынын интегратору катары мамлекеттин беделин бекемдөө жаатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим мекемелеринин алдында турган максаттарга жана милдеттерге ылайык макулдашылат деп баса белгиледи.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер