МИНИСТРЛИККЕ ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНЕ КӨМӨКТӨШҮП ЖАТКАН ӨНӨКТӨШТӨР

  • 13.04.2020
  • 0

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги Антикризистик пландын алкагында  системдүү жумуштарды алып барууда. Окуучуларга дистанттык окутуунун аралаш формасы сунушталып, бир нече багытта иштер жүрүүдө:

  1. ТЕЛЕСАБАКТАР. Анын алкагында Базалык окуу планына, календардык-тематикалык планга ылайык алдын ала видео сабактар тартылып, түзүлгөн жадыбал боюнча телеканалдардан жана интернет сайттарынан берилүүдө.

Видео сабактар КТРКнын «Баластан» (бала бакчалар жана мектепке даярдоочу тайпалар, 1-4-класстар), ЭлТРдин «БИЛИМ, ИЛИМ» (5-11-класстар) телеканалдарында тартылып, эфирге чыгууда жана 5-канал, Пирамида, Санат ТВ жана областтык телевидениелер, 10дон ашуун кабелдик телевидениелер ретрансляция болууда. Ушул эле сабактар ютуб (you-tube) каналдарына жана министрликтин атайын oku.edu.gov.kg. порталына жайгаштырылып, кайталап көрүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.

  1. Кайтарым байланыш. Окуучулар менен мугалимдин ортосундагы кайтарым байланыш абдан мааанилүү. Ушуга байланыштуу учурдагы технологияларды (Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp ж.б.) колдонууга сунуштар берилди. Бул инструменттер, аралыктан эле сабакты өтүп, тапшырмаларды берип, аларды текшерип алууга мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институту тарабынан мугалимдерге бул багытта атайын инструкциялар жана видеороликтер даярдалып, таратылды.

  1. Мобилдик байланыш аркылуу билим алуу. Уюлдук байланыш операторлору бүгүнкү түзүлгөн кырдаалда четте турбай өз жардамдарын беришүүдө. “Альфателеком”, “Нур телеком”, “Билайн” компаниялары мугалимдерди жана окуучуларды колдоп, өз тарифтери менен бардык билим берүү каналдарына жана интернет сайттарына акысыз кошулууга мүмкүндүк беришти жана атайын тиркемелерин иштеп чыгышты.
  • “Альфа телеком” компаниясы (Мегаком) менен жетишилген меморандумга ылайык, компания өлкө мугалимдерин бирдиктүү корпоратив тарифине кошуп, Мега-24 мобилдик тиркемесин акысыз колдонууга мүмкүндүк берди. Мега-24 тиркемесинин “Мектеп” бөлүмүнөн видеосабактарды, керектүү окуу китептерин, тесттик тапшырмаларды жана онлайн окутуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга болот.
  • “Нур телеком” компаниясы (О мобилдик оператору) “Окуучу” жана “Студент онлайн”, “Мугалим 200” социалдык тарифтик планын түзүп, 2 айга акысыз байланыш жана мобилдик интернет кызматын сунуш кылды.
  • “Билайн” компаниясы “Алыстан окутуу” кызматынын негизинде 1-11-класстын окуучулары үчүн министрлик тарабынан даярдалган видеосабактарды BeeTV тиркемеси аркылуу көрүүгө болот. BeeTV тиркемесин шилтемеси аркылуу көчүрүп, билим берүүчү каналдар үчүн бекер интернет-трафикти сунуш кылды.
  1. Электрондук-интернет ресурстар. Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык режимде билим берүү үчүн кыска аралыкта өнөктөштөрдүн жардамы менен төмөндөгү интернет ресурстарды жасап чыкты.
  • Электрондук китепкана. Министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын окуу материалдарын камтып төмөнкү электрондук даректе жайгашкан: https://kitep.edu.gov.kg, сайтын сунуштайт. Бул ресурстарга 1-класстан 11-класска чейинки окуу китептери жайгаштырылды. Тиешелүү бөлүмдөрүнө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга, же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн.
  • Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да кошумча окуу материалдары жайгашкан.
  • Башталгыч класстар үчүн 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплекси https://www.ibilim.kg/kyr/index.html кошумча билим берүү ресурсу катары сунушталат. Окуу материалдары кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналып, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.
  • Ал эми 5-9-класстар үчүн “Билим булагы” комплекси https://www.bb.edu.gov.kg/  сунушталат. «Билим булагы» – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5–9 класстардын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси.
  • Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” edu.gov.kg. деген аталыштагы билим берүү порталы түзүлдү. Бул порталга 1-11-класстардын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жүктөлгөн. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы you-tube канал ачылды.
  1. Дүйнөлүк билим берүү ресурстары дагы коронавирус пандемиясына байланыштуу өз кызматтарынан акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк ачып берүүдө.
  • «Хандикрафт»компаниясы “Mozaik Education” сайты менен биргеликте дистанциондук окутуу системасын өнүктүрүүгө жардам катары санариптик билим берүү ресурстарына акысыз кошулууга мүмкүндүк берүүдө (mozaBook Classroom мугалимдер үчүн жана mozaWeb Premium окуучулар үчүн). Бул сайттан миллиондогон түрдүү вариациядагы, форматтагы (видео, 3D, санариптик сабактар,) материалдарды пайдаланууга болот. https://www.mozaweb.com/ru/ сайтына http://intobr.kg/ аркылуу катталып, колдонууга болот.
  • ЯКласс сайтында мектеп программасындагы 13 предмет боюнча 1,6 трлн. түрдүү тапшырмаларды жана видеосабактарды табууга болот. https://www.yaklass.ru/ сайты да өз кызматын сунуш кылып, 6-апрелден баштап акысыз иштеп жатат.
  • Яндекс компаниясы да “Яндекс школа” (school.yandex.ru) ресурсу да акысыз пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынган жалпы билим берүү уюмдарында дистанттык билим берүү демилгесин колдоп берген бардык мекеме уюмдар, өнөктөштөр менен ийгиликтүү кызматташууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер