МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН САЛЫМЫН БЕЛГИЛЕДИ

  • 27.10.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу 25-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2022-2023-окуу жылынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН САЛЫМЫН БЕЛГИЛЕДИ

Расул Абазбек уулу эки өлкө ортосундагы окуу жай 10 миңден ашуун жаштарга акысыз жана сапаттуу билим берип, кесипкөй адистерди даярдап келет деп билдирди.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН САЛЫМЫН БЕЛГИЛЕДИ

“Кыргыз-Түрк “Манас” университети заманбап материалдык-техникалык база менен камсыз болуп, коомдук жана табигый илимдер багытында бакалавр, магистратура жана докторантура деңгээлдеринде 70тен ашуун билим берүү программаларын ишке ашырып келет. Кээ бир программалары, мисалы журналистика жаатында негизги кадр даярдоо устаканасы болуп калгандыгы баарыбызга маалым”, — деди ал.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН САЛЫМЫН БЕЛГИЛЕДИ

Ошондой эле министрдин орун басары университеттердин орду жана салмагы дүйнөлүк рейтингдер менен өлчөнөрүн жана бул жаатта “Манас” университети өрнөк боло аларын белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер