БАТКЕН РАЙОНУНДАГЫ 5 МЕКТЕПКЕ КИТЕПТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 30.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районундагы Б.Ходжаев, Рават, М.Салихов, Ш.Ганы жана Ш.Токсонов атындагы мектептерине 1-11-класстар үчүн окуу китептерин тапшырды.

post.title

29-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева менен Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, “Ага Хан” фондунун Ош шаарындагы директору Жылдыз Мамытова, “Ага Хан” фондунун билим берүү бөлүмүнүн менеджери Назира Жолдошбекованын Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, облустук билим берүү борборунун жетекчилери жана мектеп директорлорунун жолугушуусу болду.

Баткен районундагы Б.Ходжаев, Рават, М.Салихов, Ш.Ганы жана Ш.Токсонов атындагы 5 мектепке “Мектептер-2030” программасынан 1 миллион 463 миң 60 сомдук окуу китептери, 162 миң 750 миң сомдук спорттук шаймандар жана 26 миң 125 сомдук кеңсе буюмдары берилди. Баткен районунун 5 мектеби “Мектептер -2030” программасынын гранттык эсебинен 2 миң долларлык санитардык-гигиеналык каражаттарды, суу жылыткыч, электрокургаткыч, кол жуугуч, суу менен камсыздоо үчүн курулуш материалдары, шкаф, принтер, экиден планшет жана 300 даана көркөм адабият жана жомок китептерин алышты.

“Мектептер-2030” программасына республиканын 100 билим берүү уюму киргизилген. Кыргызстанда бул программаны Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан Фонду жана “Кыргызстандагы тоолуу аймактардагы коомдорду өнүктүрүүнү колдоо” (MSDSP KG) программасы коомдук фонду менен ишке ашырып келет.

Ошондой эле Токтобүбү Ашымбаева Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында чек арачылардын балдары Баяман Алимов менен Фатима Мамасыдыковага КР Президентинин белегин тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер