Министр ОшМПУнун 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференцияга катышты
- 17.10.2025
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 100 жылдык мааракесине арналган «Келечек үчүн билим берүү: 12 жылдык мектепке өтүүнүн илимий-практикалык негиздери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чарага Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, билим берүү тармагындагы адистер, илимпоздор жана мугалимдер катышышты. Конференция алкагында окуу-усулдук көргөзмө уюштурулуп, пленардык жыйындан кийин тематикалык сессиялар менен уланды.
Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин өлкө билим берүү системасындагы маанилүү ролуна токтолуп, анын түштүк аймак үчүн өзгөчө символдук мааниге ээ экенин баса белгиледи.

— ОшМПУ бул жөн гана жогорку окуу жай эмес, түштүк аймактын агартуусунун жана руханий өнүгүүсүнүн борбору. Бул жерде миңдеген мугалимдер кесиптик жана адамдык калыптануудан өтүшкөн. Азыркы учурда “Алтын Казык — доор өзгөрткөн билим” программасынын алкагында билим берүү системасын жаңылоо жүрүп жатат. Анын ийгилиги дал ушундай билим уясынын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу, — деди министр Кендирбаева.
Мындан тышкары, министр университет жамаатына Кыргызстандын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, бир катар мыкты окутуучуларга “Кыргыз билимине 100 жыл” юбилейлик медалын, “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилерин жана Ардак грамоталарды тапшырды.
(БК)















Комментарийлер