МИНИСТР JICAНЫН ЖАНА КЫРГЫЗ-ЯПОН АДАМДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 10.04.2023
  • 0

Бүгүн, 10-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев JICAнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунун со-мүдүрү Иваи Атсуму менен жолугушту.

МИНИСТР JICAНЫН ЖАНА КЫРГЫЗ-ЯПОН АДАМДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУНУН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушууда Кавамото Хироюки JICAнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, JICAнын негизги багыттарынын бири социалдык кызматтарды өнүктүрүү экендигин белгиледи. Ошондой эле ал JICAнын мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын өнүктүрүү максатында дагы министрлик менен тыгыз кызматташып келерин айтты.

Өз кезегинде министр Каныбек Иманалиев кесиптик лицейлерди жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү приоритеттүү багыттар болгондуктан, ушул жаатты өнүктүрүүдө кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар JICAнын билим берүү тармагындагы программалары менен таанышып, мындан ары кызматташууну илгерилетүүнүн жолдорун талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер