МИНИСТР ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ГАПЫР МАДАМИНОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 17.03.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев КР Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

МИНИСТР ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ГАПЫР МАДАМИНОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

МИНИСТР ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ГАПЫР МАДАМИНОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер