МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 19.04.2024
  • 0

18-апрелде Астана шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Казакстан Республикасынын Агартуу министри Гани Бейсембаевдин жолугушуусу өттү.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Тараптар эки өлкөнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, Казакстандын билим берүү долбоорлоруна кызыкдар экендигин билдирди.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

“Казакстандын билим берүү системасынын тажрыйбасын өздөштүрүү максатында буга чейин биздин өлкөлөрдүн эки ведомстволук уюмдарынын ортосунда педагогикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча меморандумга кол коюлган. Бүгүнкү жолугушуу кошумча түрткү берип, кызматташуубуздун бардык багыттарын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө пайдалуу чечимдерди кабыл алабыз деп ишенем”, — деп белгиледи Догдуркул Кендирбаева.

Эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу демилгесин толугу менен колдой тургандыгын айтты Казакстан Республикасынын Агартуу министри Гани Бейсембаев.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КАЗАКСТАНДЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

“Буга чейинки сүйлөшүүбүздө дүйнөлүк контекстте билим берүү системасын өнүктүрүүнүн айрым аспектилерин талкуулаганбыз. Бул маселеде түшүнүү жана жалпы милдет бар – балдарга билим алуу үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды камсыз кылуу”, – деди Гани Бейсембаев.

Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ведомство башчылары мектепке чейинки, орто, техникалык жана кесиптик билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле достук мамиледеги өлкөлөрдүн билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча форумду болжолдуу ушул жылдын июнь айында өткөрүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер