Мени өзүнө тарткан педагогикалык кесип

  • 17.10.2024
  • 0

Мени өзүнө тарткан педагогикалык кесип

Менин балалыгым Сузак районуна караштуу Барпы айылында өттү. Жаштайыман китеп окууга аябай кызыкчуумун, чоӊойгондо окуучулардын сүйүктүү мугалими боломун деп кыялданчуумун. Чоӊ атам Баргыбаев Жоро көп жылдар бою бухгалтер болуп иштөөчү, эмнегедир чоӊ атам тизесине олтургузуп, “Менин бухгалтер кызым” деп, эркелеткенде ал инсандай бухгалтер болуп иштөөнү да самачуумун. Мектепти бүтүп, окуу жайга тапшырганда математика адистигине өтүп, эмнегедир мугалим эмес чоӊ атам айткандай бухгалтер болууну чечтим. Окууну ийгиликтүү аяктап, 8 жыл банк сферасында бухгалтер бөлүмүндө да иштедим. Оюмду салмактап, балалыктагы кыялым орундалып, буйурса мугалимдик кесипти аркалаганыма 3 жыл болуп калды. Азыркы учурда жогорку билимге ээ болуу үчүн Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Эгемберди Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын магистрантымын.

Ар бир инсан өзүнүн балалыгын, мугалимин унутпай, ошондогу элестерди ар дайым эстеп жүрсө керек. Билесиңерби, бактылуу балалыкты кайтарууга болбойт, бирок мугалимдер бактылуу балалыкты кайтарып ала алышат. Анткени, алар өмүрүнүн акырына чейин жаш балдар менен болуп, алардын арасында өздөрүн жаш балдардай бактылуу сезишет жана дайыма балалыгы менен бирге жүргөндөй болушат жана бул — педагогдордун негизги максаты жана милдети десек болот. Мугалимдик кесип- дүйнөдөгү эң байыркы жана эң мыктыларынын бири. Мугалим — баланын дене бою менен акыл көрөӊгөсүнүн өнүгүшүнө туура багыт берүү, окутуу-тарбиялоо, ар бир баланы турмуштун туура жолуна салуу, турмушка даярдоо дегенди түшүндүрөт эмеспи. Мугалимдик кесип адамдан чын дили менен берилүүсүн талап кылып, кээде убакытына жана ден-соолугуна зыянын тийгизет. Ошого карабастан мугалим ысыкты, суукту карабай, бир бөлмөдөн чыкбай, даярдаган сабагы жарабай калып, түнү менен кайра – кайра даярданып таң аттырган. Мугалим өтө жоопкерчиликтүү, татаал жана башкаларга көп байкалган кесиптин жүгүн өзү тартып келет. Ооба, мугалимдик кесипти аркалоо абдан оор, мугалимдин маянасы да төмөн. Ошондуктан, мектептерге эркек мугалимдер иштөөгө келбейт, алар үй бүлөсүн аз акча менен бага албайт. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн кесипке татыктуу маяна төлөнө баштаганда, мугалимдик кесипке болгон кызыгуу жогорула баштайт. Ал нерсени ишке ашыруу үчүн биздин өлкөдө иштер көп эле жасалууда, КРнын президенти С. Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айынан баштап айлык маяна жогорулады.

Бардык мугалимдер айлык маянасына же карьерасына байланыштуу эмес, улуу мугалимдер жааматы айткандай 1998-99-жж. мугалимдер Республика боюнча айлык албай иштеген күндөрү болуп, акырында ар кандай буюм катарында алгандарын айтышып, ошондо да мугалимдер өз кесибин сүйгөн үчүн, балдардан алыс кете албай, алардын жүрөгүндө балдарга болгон сүйүү, аларга жардам берүү каалоосу болгон үчүн гана иштеп келишкенин айтып калышат. Мугалимдердин жоопкерчилиги чоң, анткени алардан алган билимди окуучулар кийинки жашоодо колдонушат. Алган билими терең, пайдалуу, эң негизгиси чын болушу керек, анткени агроном же дыйкан өзү өстүргөн дан-эгини менен мактанса, мугалим өзү окутуп-тарбиялаган окуучулары менен мактана алат. Ар бир мугалим өзүнүн окуучуларына жакшылыктарды жана ийгиликтерди гана каалайт эмесби.

Сузак районуна караштуу №10 «Көк-Арт” мектеп –гимназия ысымын татыктуу көтөрүп, 2024-2025-окуу жылында Сузак районуна караштуу №10 «Көк-Арт” мектеп-гимназиясынын директору Шамшитдинова Дильбара Торомаматовна баштаган көптөгөн мыкты 70 тен ашуун мугалимдер үзүрлүү эмгектенип келүүдө жана ар биринин эмгектери зор. Азыркы техниканын ѳнүккѳн заманына ылайык ушул мектепте иштеп келе жаткан жашы улуу-кичүү мугалимдердин баары ѳз билимдерин ѳркүндѳтүү максатында STEM, “Келечек үчүн билим долбоору” боюнча билимге ээ болуп, жогорку баллдагы сертификаттар менен сыйланышты. Мугалимдердин басымдуу бөлүгү өмүр бою мектептерде эмгектенип калып, чыныгы педагогдорго айланышат. Ийгиликтерге жетишүүнүн сырларынын башында, чогуу иштеген жамаат жана жетекчилик турат эмесби. Бири-бирин колдогон, урматтаган ынтымактуу коллектив жана керектүү шарттарды түзүп берип, талапты катуу койгон, иштин сапатына баа бере билген жетекчиликтен көз каранды. Ошондо гана мектепте ийгиликтер жаралат. Мамлекет бардык мектептерге бирдей шарт түзүп берет. Бирок бир эле айыл өкмөттөгү мектептердин жетишкендиктери, иш жыйынтыктары ар башкача болушу мүмкүн. Албетте, бул мектеп директорунун талыкбай иштөөсүнүн натыйжасында. Бул мектептин директору Шамшитдинова Дильбара Торомаматовна мыкты жамаат түптөп, жаӊы технологияларды, интернет ресурстарын колдонуп, жаӊы көз караш менен иштеп келүүдө. Өзү өсүшкө дайым умтулуп, ак эмгек менен жашаган адам гана башкаларга талап койгонго акылуу болот. Бул мектепке кадам таштап иштеп баштаган убакыттан бери эжекенин айткан өзгөчө акыл-насааттары, жеке өрнөгү жана ак сөзү менен мага абдан таасир этти. Шамшитдинова Дильбара Төрөмаматовна 40 жылдык эмгек тажрыйбасы бар, мыкты мугалим жана мыкты директор. Убагында 15 жыл окуу бөлүм башчысы болуп, көптөгөн мугалимдерди шыктандырып, акыл насаатын айтып келген. Л.Н.Толстой айткандай “Окуткан балдарын баласындай көрүп, өз ишине берилип иштеген мугалим-баарынан МЫКТЫ МУГАЛИМ” деп айткандай, эжекени мыкты мугалим деп баалайм. Эжекенин иш тажрыйбасына таянып, акыркы 5 жылдагы мектептин ийгиликтерин, жетишкендиктерин айта кетсем. Мектеп жыл сайын ЖРТга катышып, босого баллдан өтүп, 2020-2021-жылына эӊ жогорку балл 179 Бөрүбаев А., Олимпиада боюнча райондон жыйынтыктары боюнча математикадан 10- класс 2-орун Нийматова Б., биологиядан Сапарбекова Г. 2-орун, математикадан 11-класс Борубаев А. 3-орун, областан Нийматова Б. 3-орун республикага онлайн катышып 3-орунду алды. Ажикулова Ч. “Жылдын мыкты мугалими- 2021” катышып, зоналык турдан 1-орун алып, райондук турда байгелүү орунга жетишти. 2020-2021-окуу жылында 11-класстын бүтүрүүчүсү Сапарбеков А. “Алтын тамга” алууга жетишти. Инвестиция боюнча мектепке эки класс комплектке парта, стулдар алынды. 2021-2022-окуу жылында 2022-жылдын майында мектеп беш жылдык мөөнөткө аккредитациядан өткөрүлүп, 2027-жылдын 24-майына чейин беш жылдык мөөнөткө мектеп гимназия статусун алып беш жылдык сертификат алууга жетишти. Жылдын мыкты мугалими конкурсу боюнча зоналык турдан биринчи орун алып, райондон 2-орунга биология мугалими Тиллебаева Н. ээ болду. Нийматова Б. “Жаш таланттар” кароо сынагына катышып, жылдын мыкты окуучусу наамын жеңип алып  “Гран Приге” ээ болду. Инвеститция боюнча мектептин жаш адиси орус тил мугалими Кымбатбек кызы Г.  айыл өкмөтү, ата-энелер жана демөөрчүлөрдүнжардамы менен 1 кабинет эшик-терезелери алмашылып, дубалдары жаӊыланып ремонттон өткөрүлдү. Мектеп жакшы ийгиликтерди эске алуу менен райондо жылдын мыкты мектеби боюнча 3-орун алууга жетишти. ЖРТга бүтүрүүчүдөн катышып, орточо балл 130 болуп, эң жогорку балл 181 баллга жетти. Республикалык олимпиаданын райондук турунда математика предмети боюнча Нийматова Б. 1-орун, чет тили боюнча Турдалиева Ж. 2-орун, биология боюнча Муктаров Ө.  2-орун, тарых боюнча Хайруллаев С. 2-орун, орус тили Адылбекова А. 3-орун, биология Таалайбеков М. 3-орун, математика боюнча Кадырахунов Б. 3-орун, математика боюнча Нийматова Б. областык турдун катышуучусу, Мыктаров Ө. катышуучусу, Турдалиев Ж. катышуучусу. 2022-2023-окуу жылында ЖРТга катышып эң жогорку балл 172, орточо балл 116. Республикалык Олимпиаданын райондук турунан математикадан 2-орун Чоробаева А. Кадырахунов Б. 3-орун, физика Боркошова А. 2-орун, биология Муктаров Ө 2-орун, орус тилден Адылбекова А. 2-орун , чет тил Турдалиев Ж. 2-орун, математика Кадырахунав Б. 2-орун, тарых предмети боюнча Хайруллаев С. 1-орун. Областык турунан Хайруллаев С. тарыхтан 1-орун, Чоробаев А. 3-орун. Республикадан Хайруллаев С. катышуучу. Жылдын мыкты мугалими боюнча Кубатбек кызы Асел зонадан 1-орун, райондо активдүү катышуучу. Жылдын мыкты окуучусу кароо сынагында Хайруллаева А. райондо жеңүүчү. Спорт боюнча мугалимдер арасында өткөргөн шахмат, теннис, волейбол оюндарына бир нече мугалимдер катышып райондо жеңүүчү болушту. Инвестиция боюнча айыл өкмөт тарабынан парта ,стулдары менен. 20 жылдык бутүрүүчүлөрүнүн эсебинен биология кабинетине 15 даана парта, стулдары менен, 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн эсебинен мугалимдер бөлмөсүнө жумшак мебель, компьютер каанасына линелиум төшөлүп берилди. Ата-энелердин жана айыл өкмөттүн жардамы менен башталгыч класстар мектебинин 28 даана терезеси пластикке алмаштырылды. Ар бир кабинеттер жана биринчи этаждын электр лампалары алмаштырылды. 13 даана видео байкоо орнотулду. Ал эми “Келечек үчүн билим берүү” долбоору тарабынан 21 даана компьютер, 15 даана стол, стулдары менен, бир принтер, 5 проектор буюмдар алынып берилди.

2023-2024-окуу жылында бүтүрүүчү класстын окуучулары ЖРТга катышып эң жогорку балл 210гѳ жетти.

Ата-энелердин, 20 жылдык бүтүрүүчүлѳрдүн жана айыл өкмөттүн жардамы менен мектеп ашканасынын бүт жабдык, эмеректери жаңыртылды.

Мугалимдик кесип – кесиптердин башатында тураарын баарыбыз жакшы билебиз. Башаттын башынан суу ичкен сыңары, бизден билимге сугарылган окуучу өз жолунда каалаган кесипти тандоо менен, турмуш жолун улап кетет. “Мугалим” деген сѳздѳ абдан көп маани бар. Мугалим эрезеге жетүүгө жардам берип, урмат-сыйга, жакынын сүйүүгө, түбөлүк баалуулуктарга үйрөтөт, окуучулардын жан дүйнөсүнө адеп-ахлактык түшүнүктөрдү салат. Мугалимдин таланты билимди башкаларга жеткире билүүсүндө, кыйын нерселерди жеңилдете билүүсүндө. “Билим түгөнбөгөн –кенч” дегендей, ар дайым алдыга умтулуп, келечек муунга сапаттуу, мыкты билим берүүгө ар дайым даярмын. Мектеп мугалими коомдун колдоосуна башкалардан да көп муктаж болот, ошондуктан ар бир кыргыз жараны бул кесиптин кадырын көтөрүүгө мыкты салым кошуусу зарыл деп ойлойм.

Айназик Баргыбаева, Көк-Арт орто мектебинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер