МЕКТЕПТЕРДЕ АКЧА ЧОГУЛТУУ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛАБЫ?

  • 12.09.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында мектептерде акча чогултууну мыйзамдаштырууга байланыштуу ведомствонун көз карашын билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

— Бул маселе коомчулукта көптөн бери көтөрүлүп келе жатат, инновацияларды колдогон ата-энелер да, каршы чыккандар да бар. Маселе көпчүлүктүн чечими менен акыры чечилет. Буга байланыштуу ата-энелерди талкууга активдүү катышууга чакырабыз, — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин министр Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда бул боюнча бирдиктүү саясат жоктугуна байланыштуу мектептерде мектеп взносторун мыйзамдаштырууну сунуштаган. Айрым мектептер айына 2-3 миңден, кээ бирлери 100 сомдон чогултушат.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер