МЕКТЕПКЕ КИРБЕЙ КАЛГАН БАЛДАР БОЛБОЙТ

  • 19.02.2025
  • 0

2018-жылы төрөлгөн балдардын саны 157 миң 921 бала болсо, 2019-жылы 161 миң 716 бала төрөлгөн.  2019-жылы жарык дүйнөгө келген балдар быйыл 1-класстын босогосун аттайт. Билим берүүнүн жаңы моделине ылайык жаңы окуу жылында окуучуларды мектепке кабыл алууда кандай өзгөчөлүктөр бар?

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиеванын айтымында балдарды 1-класска кабыл алуу мурдагыдай эле электрондук каттоонун негизинде жүргүзүлөт.

МЕКТЕПКЕ КИРБЕЙ КАЛГАН БАЛДАР БОЛБОЙТ

— Балдарды 1-класска каттоо мурдагыдай эле электрондук каттоонун негизинде жүргүзүлөт. Эгерде бала кандайдыр бир себептер менен электрондук каттоо системасына кирбей калса, ар бир райондук акимиаттарда, шаардык мэрияларда иштеген Балдар менен иштөө комиссиясынын корутундусу боюнча кошумча орундар берилет. Андыктан кирбей калган бала болбойт. Бизден ошондой эле бакчага барбаган балдар, нөлүнчүнү окубаган, бирок быйыл 6 жана 7 жашка чыккан балдар эмне болот деген суроону көп сурап жатышат. Ал балдар июнь, июль, август айларында даярдоо тайпасынан окуйт. Себеби аларды даярдап 2-класска отургузушубуз керек. Анткени жашы толуп калган баланы өзүнөн кичүү балдарга кошуу туура эмес болуп калат.

Учурда бир класстагы баланын саны канча болушу керек деген суроо да өтө актуалдуу болууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунда чыккан №519 Токтомунда ар бир класста канча бала болушу керектиги кеңири берилген. Ага ылайык, айыл жергесиндеги мектептерде бир класстагы окуучунун минималдуу чектүү ченеми 25 бала, максималдуу чектүү ченеми 30 бала, шаар жергесинде максималдуу чектүү ченеми 36 бала болуусу шарт. Бирок билим берүүнүн жаңы моделине өтүп жаткандыгыбызга байланыштуу быйыл башкачараак болгондуктан, өзгөрүүлөр көп болушу күтүлүүдө, — дейт.

Тилекке каршы, Министрлер кабинетинин №519 Токтому бардык эле жерде бирдей аткарылбай жатканы жашыруун эмес. Айыл жеринде ал норма аткарылат, ал эми калк жыш жайгашкан жерлерде бул көптөн бери келе жаткан көйгөй бойдон калууда.

— Ооба, аталган токтом аткарылбай калган учурлар болуп жатканын жашыра албайбыз. Бирок чечилбей турган маселе жок деп ойлойм, бардык суроо-талаптарды жеринде чечсе болот, ал жергиликтүү жетекчилердин компетенттүүлүгүнөн көз каранды. Азыр жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруудабыз. Батпай калган балдар акимиаттын, мэриянын бош имараттарына жайгаштырылат. Биз билим берүүнүн жаңы моделине өтүүнү тандап алган соң, жергиликтүү бийлик орган жетекчилерине, мэрлерге, акимдерге, мектеп директорлоруна тиешелүү тапшырмалар берилип жатат. Балдардын саны апрель, май айларында дагы такталат. Канча бала, кандай эмерек ж.б. эмне керектиги тууралуу толук маалыматтар 1-майга чейин аныкталууга тийиш.

Министрлик мектепке батпай калган окуучуларды бала бакчалардын имараттарына убактылуу жайгаштырып туруу керектигин билдирүүдө. Бул айрыкча Бишкек, Ош, Сузак, Өзгөн, Сокулук, Кант сыяктуу калк жыш жайгашкан борборлордо балдар мектепке батпай калса, алар ылайыктуу имарат табылганча бала бакчада окуй берет, — деди Алымкан Бопоновна.

Мектепке кирген балдардын саны быйыл жылдагынан кыйла көп болору күтүлүп жаткандыгына байланыштуу, башталгыч класстын мугалимдери жетиштүү болобу, материалдык-техникалык жактан камсыздоо иштери кандай жүрөт деген мыйзамдуу суроо жаралат. Алымкан Мырзалиеванын айтымында, мугалимдер жетишпеген жерлерде жай айларында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүү багытында иштер жүргүзүлмөкчү.

Ал эми мектептин саны, алардын сыйымдуулугу, канча мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж экендиги тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп КР билим берүү жана илим министрлигинин инвестициялар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын жетектөөчү адиси Венера Сапаркуловага кайрылганыбызда, ал бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

МЕКТЕПКЕ КИРБЕЙ КАЛГАН БАЛДАР БОЛБОЙТ

— Министрлик жыл сайын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен бирге капиталдык жана оңдоп-түзөөгө муктаж болгон обьектилерди аныктап, КР Финансы министрлигине жана Архитектура курулуш жана турак жай министрлигине сунуштайт. Ошол сунуштун негизинде титулдук тизме түзүлүп капиталдык жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Биздеги маалымат боюнча 2024-жылга карата 1031 билим берүү обьектиси сунушталган. 2025-жылга карата жалпы республика боюнча 947 билим берүү обьектисинин курулушу сунушталды. Анын ичинен — 515 мектеп имараты, 432 — бала бакча имараты болсо, 597 билим берүү обьектиси капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж деп табылды. Учурда титулдук тизме бекитиле элек. Биринчи кезекте авариялык абалдагы мектептер, окуу үч нөөмөттө жүргөн, кошумча корпус курууга муктаж мектептер каралат, ошондой эле ар кандай каттардын негизинде жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары да эске алынат.

Мектеп болобу, бала бакча болобу, жаңы имараттардын курулушу каралганда, сөзсүз түрдө демографиялык өсүшү көңүл борборунда болот. Мисалы, 100 орундуу мектеп куруу керек болсо, биз 130 орунду сунуштайбыз, себеби үч жыл аралыгындагы өйдө-ылдый көрүнүштөрдү эске алабыз, — дейт.

Венера Сапаркулованын айтымында, материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 2022-жылы Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу республика боюнча 1200 жалпы билим берүү уюму 21 даана компьютердик техника менен камсыздалган, башкача айтканда, ар бир мектепке 21 компьютердик-техника берилген. 2023-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарына 919 компьютердик-техникалар сатылып алынып, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жиберген сунуштарына ылайык республиканын аймагындагы мектептерге бөлүштүрүлгөн. 2024-жылы каралган акча каражатына 992 даана компьютердик-техника сатылып алынып, ал дагы министрликтин буйругунун негизинде республиканын аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарына жеткирилди. 2023-жылы эмерек сатып алууга каралган каражатка 272 класс комплекси сатылып алынып, 180 мектептин муктаждыктарына бөлүнгөн. Ал комплекске 12 парта, 24 отургуч, мугалимдин отургучу, столу, такта жана кийим илгич кирет.

Мыйзамга ылайык, быйылкы окуу жылына тиешелүү эмеректерди жана компьютердик-техникаларды сатып алуу үчүн бөлүнгөн акча каражатына учурда Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар борбору аркылуу тиешелүү сатып алуулар жүргүзүлүп, министрлик тарабынан мектептердин муктаждыктарга жараша бөлүнүп берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Турак-жай жарандык курулуш департаментинин басма сөз кызматынан алынган маалыматка таянсак, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен өлкө боюнча жалпы 100 мектептин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн. Анын ичинен 67 мектеп жана мектептин ичине спорт зал курулса, 33 мектепте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Арасынан эң көп мектеп Ош облусунда (19 мектеп) жана Жалал-Абад облусунда (16 мектеп) курулган. Ошол эле Ош облусунда 14 мектепте оңдоп-түзөөчү ремонт иштери аткарылган.

Расмий маалыматтар боюнча 2024-жылга капиталдык салымдар беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин тизмесине 513 билим берүү объектиси киргизилген, алардын суммасы 7,5 миллиард сомдун тегерегинде болгон.

Билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөөгө биринчи жолу дээрлик 401,5 млн. сомго жакын каражат жумшалган. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсеге көп.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер