МЕКТЕПКЕ БОЛГОН КУСАЛЫК

  • 14.11.2018
  • 0
МЕКТЕПКЕ БОЛГОН КУСАЛЫК

PS: Турмуш-шартка байланыштуу мугалимдик кесибин алмаштырган агай-эжейлер арабызда ондоп саналат. Алардын бири базарга кетсе, экинчиси чет мамлекетке, айрымдары дагы башка кесиптерди аркалап жүрүшөт. Бирок Индирага окшоп жүк ташуучу машина айдаган же болбосо Нуршатка окшоп мектебин, окуучуларын сагынган, сагынычын таркатыш үчүн мектепке байма-бай каттаган мурунку мугалимдер чанда кездешсе керек. Андыктан гезитибизге кесибин сагынган Нуршаттын кусалык катын жана үч баланы багуу үчүн мектепте эмес жүк ташуучу автоунаа айдап оокат кылып жаткан Индиранын тагдыры  тууралуу баянды берүүнү туура таптык.        

 

“Мектепти, мотурайган балдарды сагынам”

МЕКТЕПКЕ БОЛГОН КУСАЛЫК

“Саламатсызбы эже!” деген сөздү күндө эртең менен мектепке кирип келе жатып угам. Бул чоң имараттын ичинде жүздөрүнөн нур чачкан, пейилдеринде кири жок, боорукер, ойноок, апакай таза жүрөктөрү менен окуучулар жана журнал, китептерди колуна кучакташкан, билим берип үйрөткөн, ай ааламды тааныткан мугалимдер жүрүшөт. Адагенде эле тамакка бараткан каздын балапандарындай тизилген башталгыч класстын окуучуларын кезиктирем. Андан ары класстык бөлмөмө барып күндөгүдөй эле сабак башталат. Жанагы каз катар тизилген окуучулар мага келишет. «Эжей!» деп өз  энесин көргөндөй кубанышып, биринен-бири ашып кучактап калышат. Кээ бирөө токочун тең бөлүшүп, кээ бирөө печенье, момпосуй алып келишип, «Эжей сизге алып келдим», — деп колумдун уучун толтуруп коюшат. Ооба, бул балдардын тилеги таза, пейили кенен, азыр жашоонун карасын биле элек периштелер. «Эжей кечээ конок келип тапшырма аткарбай калдым, апам мени башкасын эле кыйратчы деп койду, атам менен апам урушуп кетишип биз тайнемдикине кетип калганбыз, сумкам үйдө калып окубай калдым, эжей мен даярмын, мен жаттап келдим, мен айтып берейинчи», — деген түрлүү жооптор менен сабак башталат.

Ушундай күндөрдүн бир жолкусу эсимден кетпейт. Өзүм чет тил сабагынан берем. Завуч, дагы башка мугалимдердин катышуусу менен 3-класска үй жаныбарлары жөнүндө ачык сабак өтүп  жаткам. Бир окуучум шашып кетип: «Ит бизди жейт», — деп жиберди. Класс жапырт күлдүк. Арттагы мугалимдер таң кала  бизди карашат. Тигил окуучум болсо арданып ыйлап алган. Бир аны сооротом, бир кыткылыктап күлгөн окуучуларды  тыям.  Ошентип, ачык сабагым күлкү, ый аралаш аяктады. Албетте, бул мектептин турмушу, мектептеги ары кызыктуу, ары көңүлдүү күндөр.

Ушул мектепте сегиз жыл иштедим. Тажрыйба алдым, билген билимимди окуучулар менен тең бөлүштүм. Кесиптеш таптым. Ийгиликке жетиштим. Бирок тилекке каршы, бул күндөрдөн алыстаганга туура келди. Мектепти таштаганыма бир топ жыл болду. Менин мектептен кеткенимдин себеби каржы маселесине келип такалат. Мага окшогон ондогон мугалимдер жарыбаган эмгек акыга ыраазы болушпай, чет жерге же жеке иш менен иштеп кетишкен. Доскага жазган колдор кайсы бир имараттын терезесин тазалап, калемсап кармаган колдор идиш, тактай жууп, балдарга билим берген мугалим чет элдиктердин балдарын багып жүрүшөт. Булардын арасында мен да бармын. Анан кантем, жумурай-журттун көйгөйү менде да бар. Үй салыш керек, балдарды тойгузуп, кийинтиш керек деген жиптей чубалган маселе менен күрөшүп келем.

Ошол эле Түрк мамлекетинде мугалимдерге чоң көңүл бурулат, эмгек акысы жогору, мугалимдерге болгон сый-урмат чоң. Эгер биздин мамлекет да мугалимдерге жакшы шарт түзүп, эмгек акысын жогору кылып берсе мен жана мага окшогон мугалимдер эч кайда кетпейт элек. Пакистандык Малала Юсуфзай: “Бир окуучу, бир китеп, бир мугалим, бир калемсап дүйнөнү өзгөртө алат”, — деп айткандай, биз дагы башкалардай дүйнөнү өзгөртпөйт белек.

Кээде үйдө кабат-кабат болуп жыйылган көрсөтмө куралдар менен китептерди карап отуруп, балдарга берчү билимим ичиме батпай буркан-шаркан түшүп, жаңы өсүп келе жаткан көчөттөрдү сугарып, келечекке жол көрсөтүп, билим бергим келет. Үйдө отурганда  сабакка керектүү материалдарды барактап, башталгыч класстар үчүн сүрөттөрдү карап калам. Балама кызык болуп кошо талашат. «Кой балам, ага тийбе, мектептики, директор урушат», — деп кагаздарды өз баламан кызганып жыйнай салам. Бир күнү уулум: «Апа мен сиздин директорду жаман көрөм, сүрөттөрдү көрөйүн, боеюн десем урушат экен», — деп муңайды. Мектеп үчүн мугалим эмне гана кылбайт. Керек болсо өз баласын башка балдарды окуткандай окутпаса керек. Эрте келет, кеч кетет. Мен окуткан окуучуларды сыналгыдан көрүп, «Бул менин окуучум, жаңылыктарды айтып жатат», — деп сыймыктанып калам. Кээде көчөдөн жолугуп калып, «Саламатсызбы эже» дешсе көңүлүм жибийт. “Үйлөнгөм, кыздуу болдум, Германияга барып келдим, ырас эле жакшы билим алыптырбыз, сиздерге рахмат”, — деген кубанычтарын угуп, мен да коомго, мамлекетке бир аз болсо да пайда тийгизиптирмин деп өзүмчө ичимден кудуңдап сүйүнүп, мугалимдик кесипти тандаганыма ыраазы болом.

Албетте, мугалимдик кесип татаал, оор, түйшүктүү, ар бир окуучу менен тил табышып, артист да, ата-эне да болуп иштеш керек. Мени бул кесиптин ээси болууга түрткү берген мугалим ата-энеме чексиз ыраазымын.

Азыр да мектепти сагынам, куса болом. Азыр да жөн гана мугалимдерди, окуучуларды, мектепти көрүш үчүн жумуштан убакыт таап барып калам. Азыр да майрамга бараткандай сагыныч, кусалык, кубануу менен шаша-буша кадам таштап мектепке бара жатам. Мектептин босогосун аттаарым менен  баягы мотурайган башталгыч класстын окуучулары «Саламатсызбы эже» деп тозуп алышат деген үмүт мени жетелеп бара жатат…

Дөкөнова Нуршат,   Бишкек шаарындагы №69 ОТК-гимназиясынын мурунку  немис тил мугалими

 

Мугалимдиктен жүк ташуучу унаага отурган  Индира

 

МЕКТЕПКЕ БОЛГОН КУСАЛЫК

Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Индира Акматова тогуз жылдан бери «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү унаа айдап, жүк ташыйт. Бул тууралуу Акипресс маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Индира Акматова Бакай-Ата районуна караштуу Бейшеке айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча мугалим.

«Унаа айдаганды бала күнүмдөн жакшы көрөм. Хоббим дагы десем болот. Унаа айдоодон кадимкидей ырахат алам. 2009-жылдан бери унаа айдап, Казакстанга товар киргизип-чыгарып эмгек кылып келем. Көбүнчөсү жер-жемиш алып барып, чоңдорго жана балдарга кийим-кечек алып келем. Жалгыз айдап, тиричилигимди жасап жүрөм. Кичинемден эркек мүнөз болуп, атамды ээрчип, артынан темир-тезегин көтөрүп чуркап жүрүп, унаага кызыгуум артып калган. Башында «Форд» үлгүсүндөгү унаа айдачумун. Алыскы жолго чыккандан бир барганда көбүрөөк жүк алып келүү үчүн чоңураак унаалуу болоюн деп «Мерседес Спринтер» алгам. Ошол убактан бери тогуз жыл өтүп кетиптир. Кышкысын дөңгөлөктөрүн алмаштырып айдайм, — дейт Индира.

МЕКТЕПКЕ БОЛГОН КУСАЛЫК

Эркек мүнөз Индира мектепти бүтүп, кесип тандоого келгенде мугалимдикти тандаган. Окууну ийгиликтүү бүткөн. Бирок мугалимдик менен балдарын бага албоого көзү жеткенден кийин, айдоочулук күбөлүк алып, дароо эле чоң унааларды айдай баштаган.

— Рулга алгачкы жолу отурган кезим эсимде. Жаңы үйрөнгөн адамга унаа оору болуп калат эмеспи, тынбай айдачумун. Ал кездерде чоң унааны айдаган айымдар жокко эсе болчу. Мени көргөндөрдүн мойну кайрылып калар эле.
Унаа айдоо оңой эмес. Жолдон бузулбаса, иштерим ийгиликтүү бүтүп турса чарчаганымды сезбейм. Унаа айдоо өтө кооптуу жана чоң жоопкерчиликти талап кылат. Айдоочулар жол эрежесин так сакташыбыз керек», — дейт ал.

Айдоочу айым мындан тышкары айдоочулук жумушундагы кызыктуу окуяны эскерди.
«Бир күнү күндүз эле Таласка келе жатсам жолдон МАИ токтотуп калды. Унаамдын ичинде күтүп отурсам кызматкер келип өзүн тааныштырып, «Айдоочу аке отурбады беле, кана?» деп сурап туруп алды. Мен айдап келе жатам го десем дагы такыр ишенбейт. Унаанын ичин текшерип, эч кимди таппай, документтеримди текшерип, баары жайында экенин көрдү. Анан ушундай чоң унааны кантип айдап жүрөсүз деп таң калган», — деди айдоочу айым.

Индиранын эки кыз жана бир уулу бар. Алардын муктаждыктарын аткарып, окууларына көңүл буруп, ар тараптан жардам көрсөтүүгө да жетишет. Улуу кызы Алтынай студент. Уулу Абдулла менен кызы Акылай мектепте окушат.

  • Балдарым эмгегимди аз да болсо акташып, мектепте жакшы окушат. Мени жумуштан кийин ысык чай менен күтүп алышат.
    Бош убактым болсо айымдардын хоббиси болгон гүл кароо менен алектенип эс алам. Чоң жана кооздук берген гүлдөрдүн түрлөрүн көбөйтүп алгам», — дейт айдоочу айым.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер