МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ТЕСТИРЛӨӨ ӨТКӨРҮҮНҮН ГРАФИГИ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 21.11.2022
  • 0

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүүнүн күндөрү белгилүү болду.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: ТЕСТИРЛӨӨ ӨТКӨРҮҮНҮН ГРАФИГИ БЕЛГИЛЕНДИ

Тестирлөөнүн графиги боюнча облустарда төмөндөгү күндөрү өткөрүлөт:
  • Чүй облусу

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 22-ноябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 58

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 174

Тестирлөө эки нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 80ден талапкер катышат.

  • Талас облусу

Талас мамлекеттик университетинде 22-ноябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 14

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 42

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 42 талапкер катышат.

  • Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 24-ноябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 17

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 50

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 50 талапкер катышат.

  • Нарын облусу

Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 24-ноябрда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 10

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 30

Тестирлөө бир нөөмөттө өтүп, ага 30 талапкер катышат.

  • Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунда 30-ноябрда жана 1-декабарда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 105

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 300

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 70ден талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтүп, ага 70 адам катышат.

  • Ош облусу

Ош мамлекеттик университетинде 30-ноябрда жана 1-декабарда өтөт.

Ваканттык орундардын саны — 101

Болжолдуу күтүлгөн талапкерлердин саны (1 орунга 3 киши) — 300

Тестирлөөнүн биринчи күнү 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 70ден талапкер катышат. Ал эми экинчи күнү бир нөмөттө өтүп, ага 70 адам катышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер