МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: III АЙЛАМПА ЖАРЫЯЛАНДЫ
- 27.10.2022
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун үчүнчү айлампасын жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 2022-жылдын 27-октябрынан 14-ноябрга чейин тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:
Жалал-Абад облусу — [email protected]
Ысык-Көл облусу — [email protected]
Нарын облусу — [email protected]
Ош облусу — [email protected]
Талас облусу — [email protected]
Чүй облусу — [email protected]
Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.
Облустар боюнча ваканттык орундардын саны:
Ысык-Көл облусу – 17
Нарын облусу – 10
Чүй облусу – 59
Талас облусу – 14
Жалал-Абад облусу – 105
Ош облусу – 101
Ваканттык орундар бар болгон мектептердин тизмеси
Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда конкурстун үчүнчү айлампасын өткөрүү жакынкы күндөрү белгилүү болот.
Ал эми тестирлөөнүн графиги жөнүндө маалымат кийинчерээк берилет.
Комментарийлер