«МЕКЕНИМ БАРДА, МЕН БАРМЫН, МЕКЕНИМ БАРДА, КАМБАРМЫН»

  • 20.12.2021
  • 0

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети өз заманынын көп кырдуу чыгармачыл инсан, акын, жазуучу, саясатчы, көрүнүктүү адабий сынчы, публицист К. БОБУЛОВДУН 85 жылдыгына карата «Мекеним барда, мен бармын, Мекеним барда, Камбармын» аттуу адабий кече өттү. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Шакир Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, Н. Крупская атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айпери Кеңеш кызынын сунушу менен уюштурулган иш-чара Ноокат районундагы Н. Крупская атындагы орто мектебинде өткөрүлүп,   ага акын-жазуучулар, мугалимдер, окуучулар жана Ош шаардык кеңешинин депутаты, «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти  Нуркыз Кадырбекова катышты. Иш-чарада мугалимдер арасында  жарыяланган «Эң мыкты баяндама», «Мыкты адабий сабактан иштелмеси» кароо-сынактары өткөрүлүп, анда «Эң мыкты баяндама» кароо-сынагында К. Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинин мугалими А. Кожомбердиева, Х. Самиев атындагы орто мектебинин мугалими Н. Сатиеванын эмгектери 1-орунду камсыз кылышса, «Мыкты адабий сабактан иштелмеси» кароо-сынагында 1-орунду М. Мамадалиева багындырды.  «Мыкты эскерме» жазмасында Айгүл Исраилованын эмгеги мыкты деп табылды. Ал эми окуучулар арасында «Мыкты автордук ыр», «Мыкты обондуу ыр», «Мыкты көркөм окуу»  сынактарына жалпы 400 окуучу катышып, «Мыкты автордук чыгармада»  1-орунду М. Ломоносов атындагы орто мектебинин окуучусу Садирбек уулу Дауд, «Мыкты обондуу ыр»  кароо-сынагында 1-орунду К. Бобулов атындагы «Баргы» орто мектебинин окуучусу Маманов Баэл, «Мыкты көркөм окуу» кароо-сынагында 1-орунду А. Мамыров атындагы орто мектебинин окуучусу Равшанбек кызы Мадина менен Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын окуучусу Асранова Гулира камсыз кылды.

Жеңүүчүлөргө демөөр – Ш. Амиралиев, Б. Бобулов жана У. Бобуловдун баалуу байгелери тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер