МЭЭРИМ ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

  • 20.04.2024
  • 0

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

20-апрелде кечинде Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турниринин кыз-келиндер күрөшү боюнча  жарым финалдык беттешүүлөрү абдан курч мүнөздө, атаандаштык маанайда өттү. Жеңүүчүлөргө  Париж олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.  Алардын арасында кыргыз спортунун сыймыгы болгон Мээрим Жуманазарова да Париж олимпиадасына жолдомо алып, күрөш күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөдү.

Жеңил салмактагы жеңүүчүлөр

50 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону, индиялык ВИНЕШ казакстандык Лаура Ганикызын утуп, Париж олимпиадасына жолун ачты. Рио Олимпиадасында байгелүү орунга илинбей арманда калгандыктан эми Парижде дагы багын сынап көрмөкчү.

Экинчи жарым финалда Азия чемпионаттарынын коло байге ээси,жаштар арасында Азия чемпиону, өзбекстандык Актенге   КЕУНИМЖАЕВА  менен Кытай Тайпеинин өкүлү Менг Шань Хшие чыгып, Актенгенин жылдыз жанып, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Түндүк Кореянын жылдызы жанды

53 кг салмактагы жарым финалдын жеңүүчүсү Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, кытайлык Цяньюй ПАН болуп,  өзбекстандык Шахида Ахмедованы мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде утуп алды. Ага дагы Париж олимпиадасына катышууга сертификат жана медаль тапшырылды.

Экинчи жарым финалда жердиги кыргызстандык Казакстандын намысын коргоп жүргөн дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси Жылдыз Эшимова менен Түндүк Кореянын балбаны Хошон Чое менен беттешип, Жылдыз жеңилүү ызасын тартып калды. Жолдомо Түндүк Кореянын балбанына ыйгарылды.

Бул салмакта  Кыргызстандын намысын коргогон жаш балбан Айжан Сабырбек кызы чейрек финалда өзбекстандык Шахида Ахмедовага жеңилип, мелдештен четтеп калган.

 Кытай менен Индиялык балбандар айырмаланды

57 кг салмакта жарым финалда Азия оюндарында коло медалынын ээси, кытайлык  Kэсин ХОНГ менен  Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси, түндүк кореялык Ин Су Чонг  менен күч сынашып,  Париж олимпиадасына жолдомону кытайлык балбан кыз утуп алды.

Ал эми экинчи жарым финалда Токио Олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, индиялык Малик АНШУ чеберчилигин көрсөтүп,  Азия оюндарынын коло байге, Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси, өзбекстандык Лайлохон СОБИРОВАны утуп алды. Ошентип, индиялык Малик АНШУ Париж олимпиадасына бармак болду.

Бул салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Калмира Билимбек кызы алгачкы атаандашы индиялык Ашинге утулуп, мелдештен четтеп калды.

 Айсулуунун атаандаштары аныкталды

62 кг. салмакта жарым финалдык беттешүүдө  Азия оюндарынын чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын үч жолку коло байге ээси, 30 жаштагы түндүк кореялык Мён СУК ЧОН жана индиялык Манси  күч сынашып, жыйынтыгында жолдомону Түндүк Кореянын балбаны кызы жеңип алды.    Экинчи жарым финалда   дүйнөнүн 2017-жылкы чемпиону, Азия чемпиону, 30 жаштагы монгол балбаны Орхон ПУРЕВДОРЖ чеберчилиги, мыкты даярдыгы  менен айырмаланып, Түштүк Кореялык Хамбит Ли жеңип, Париж олимпиадасына жолун ачты.

Бул салмакта Айсулуу Тыныбекованын  эки атаандашы аныкталды. Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу былтыр дүйнө чемпионатында үч жолку чемпион аталып, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алган. Ошондой эле Бишкекте үч күн мурда аяктаган Азия чемпионатында алтынчы ирет алтын медаль тагынган. Кыргызстандык күйөрмандар Айсулуу Парижде алтын байге утуп, олимпиада чемпиону болсо дешип, тилек кылып, ишеним артып турушат.

Мээрим Париж олимпиадасына барат 

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ68 кг. салмактагы жарым финалда  Түндүк Кореянын өкүлү Сол  Гум Пак менен  Азия оюндарынын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси,  кытайлык Чжоу Фэн беттешип, Париж олимпиадасына жолдомону түндүк кореялык балбан кыз утуп алды.

Ал эми экинчи жарым финалда дүйнө жана Азия чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова менен  Азия чемпионаттарында күмүш жана коло байге ээси, өзбекстандык Набира Эсенбаева күч сынашып, Мээрим 7:2 эсебинде утуп,  Париж олимпиадасына жолдомо алды.

Түшкө чейин Мээрим үч беттешүү өткөрдү.  Алгач Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, дүйнө чемпионаттарында күмүш жана коло медалдарды уткан, Азия оюндарын чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, 37 жаштагы казакстандык Елена Шалыгина далысын килемге даана тийгизүү менен утту. Андан киийн Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, 2021-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия чемпионатында күмүш медаль тагынган индиялык Ниша Дахияны дагы далысын килемге даана тийгизип, мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Тилекке каршы Мээрим Жуманазарова үчүнчү беттешүүсүндө Түндүк Кореянын балбаны Сол  Гум Пактан 6:2 эсебинде жеңилип калды. Бирок өз тобунда экинчи орунду алгандыктан жарым финалда күрөшүүгө укук алган эле.

Кыргызстандык күйөрмандар дагы  Мээрим Жумназарова Парижде олимпиада чемпиону болсо деген тилекте.

Айперинин кезектеги атаандаштары такталды

76 кг. салмакта жарым финалда  Азия оюндарынын коло байге ээси кытайлык Жуань Ванг менен  дүйнөнүн эки жолку күмүш медалынын ээси, Азиянын 3 жолку чемпиону, 28 жаштагы казакстандык  Жамиля Бакбергенова  жолдомо үчүн күч сынашып, натыйжада кытайлык кыз жеңип, олимпиадалык жолдомого ээ болду.

Экинчи жарым финалда жаштар арасында дүйнө чемпиону, индиялык Ритиканы   Кытай Тайпейинин намысын коргогон Хи Чанг артыкчылык менен жеңип,  Париж олимпиадасына жолдомо алды.

Бул салмакта былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы Парижге жолун ачып, учурда даярдык катары Бишкектеги Азия чемпионатына катышып, алтын медаль утуп алган. Ошентип Айперинин олимпиада оюндарындагы кезектеги атаандаштары да аныкталды.

21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Учурда 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо бар. Былтыр Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Ошондой эле сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга жолдомо уткан. 19-апрелде Бишкектеги Азиялык лицензиялык турнирде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу менен Эрназар Акматалиев да Париж олимпиадасына жолдомо утуп алышты. Бүгүн, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова дагы жолдомо алды.МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

МЭЭРИМ  ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫКабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер