МЭЭНЕТ БААЛАНДЫ

  • 14.12.2023
  • 0

МЭЭНЕТ БААЛАНДЫ

КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,  КРнын II класстагы Мамлекеттик кеңешчиси, педагогика илимдеринин доктору, профессор, экс-билим берүү жана илим министри Ишенгүл БОЛЖУРОВАГА Москва мамлекеттик лингвистикалык университети илимий Кеңешинин чечими менен  аталган окуу жайдын Ардактуу доктору наамын ыйгарды.

Бул ардактуу наам Ишенгүл Садыковнага жогорку кесиптик чеберчилиги, билим берүүгө кошкон зор салымы, эки өлкөнүн окуу жайлар аралык маданий жана илимий, достук  байланыштарын өнүктүрүүдөгү, чыңдоодогу иштиктүү аракеттери үчүн берилген. Ардактуу наамды тапшыруу аземи  ушул жумада Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде  чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Биз белгилүү окумуштуу, коомдук ишмер Ишенгүл эжейибиздин бул бийик наамы менен чын дилден куттуктайбыз. Республикабыздын билим, илим тармагынын өнүгүшү үчүн мындан ары да талбай эмгектене бериңиз. Чың ден соолук, узак өмүр каалайбыз. Бар болуңуз!

“Кут Билим” газетасынын эмгек жамааты

Бөлүшүү

Комментарийлер