МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

  • 29.06.2022
  • 0

27-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Кёнг Хи университетинин медайымдык иш жана илим факультетинин профессору Шин Хён Сук башында турган “Жаркын Кыргызстан” долбоору боюнча Корей делегациясы менен жолугушту.

 

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында медайымдык билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Тагыраагы, тараптар COVID-19 пандемиясы учурундагы медайымдардын өзгөчө ролун белгилешти. Ошондой эле медайымдардын кызматтык функциялары дарылоо бөлмөсүнөн алда канча сыртка чыгып кеткендигин, өзгөчө Кыргыз Республикасынын аймактарында медайымдар айрым учурда дарыгерлерди алмаштыра алары белгиленди.

МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медайымдарга квалификациялуу билимдерди жана көндүмдөрдү алуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарылдыгын, ошондой эле кыргыз реалдуулугуна ыңгайлаштырылган алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн айтышты.

МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Буга байланыштуу медайымдык иш үчүн бакалавриат жана магистратура программалары сыяктуу жакшыраак академиялык программаларды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолушту.

 

 

Жолугушууга утурлай, бүгүн И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргыз Республикасындагы медайымдык билим берүү форуму уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасында меайымдык билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү максатында өттү.

МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Анда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова, саламаттык сактоо министрлигинин медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Нурида Жеспекова, ошондой эле КММАнын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов баяндама жасашты.

МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Ал эми кореялык тарап медайымдардын потенциалын күчөтүү жана саламаттыкты сактоону стратегиялык пландаштырууда медайымдардын ролу боюнча презентацияларды тартуулады.

МЕДАЙЫМДАРДЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ

Бөлүшүү

Комментарийлер