Медакадемиянын окутуучусу 150 миң сом пара менен кармалды
- 09.10.2025
- 0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусун студенттерден пара алып жаткан жеринен кармады.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1987-жылы туулган Д.Н.Д. аттуу окутуучу кышкы сессиядагы сынактарды оң жакка тапшырууга кепилдик берүү үчүн студенттерден 150 миң сом талап кылган. Ал 8-октябрда акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.
Кармоо маалында кабинетте болгон студент А.А. (2002-ж.т.) жанынан 100 миң сом табылган. Ал акча тобундагы студенттерден чогултулганын жана окутуучуга тапшыруу максатында алып келгенин айтып көрсөтмө берген.
Тергөөдө Д.Н.Д. сабактарды өткөрбөй, окуу планын толук аткарбаганы, ошондой эле студенттердин упайларын атайлап төмөндөтүп, кийин пара талап кылганы аныкталды.
Учурда окутуучу УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Тергөө жана башка шектүүлөрдү аныктоо иштери уланууда. УТРК
Комментарийлер