МАНАС РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ ОКУУЧУЛАР ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

  • 24.11.2022
  • 0

Талас облусунун Манас районунун бардык мектептеринин 6-классынын окуучулары PISA-2025 эл аралык диагностикалоо тестине даярдык көрүү максатында тест тапшырды.

МАНАС РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ  ОКУУЧУЛАР  ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, райондогу бардык жалпы билим берүүчү мекемелеринде  PISA — 2025 эл аралык изилдөөгө даярдыктарды жүргүзүүдө функционалдык деңгээлди диагностикалоо тести боюнча 6-класстын окуучуларына окуу жана түшүнүү, математика, табият таануу предметтеринен тестирлөө иштери жүргүзүлдү. Бул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окуучулардын функционалдык сабаттуулугуна мониторинг жүргүзүлөт, анализ жасалат.

Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк банкынын «Келечек үчүн билим» долбоорунун каржылык колдоосу менен Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан берилген тапшырманын негизинде жүргүзүлдү. Тестирлөөнүн негизги максаты — жалпы билим берүүчү мектептердин 4-8-класстарынын окуучуларынын билими, көндүмдөрү жөнүндө так жана пайдалуу маалыматтарды берүү.

МАНАС РАЙОНУНУН МЕКТЕПТЕРИНДЕ  ОКУУЧУЛАР  ТЕСТ ТАПШЫРДЫ

Фархат Каныбеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер