КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 03.03.2022
  • 0

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинде «Юриспруденция» адистигинин студенттери тарабынан «3-март – Кыргыз Туу күнү» деген темада ачык куратордук саат өткөрүлдү.

КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Анда студенттер Мамлекеттик туу кандай кабыл алынгандыгы жана анын авторлору жөнүндө айтып беришти.

Экономика жана сервис колледжинин директору Мира Кадырова «Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына карата мыкты дубал гезит» сынагына катышкан студенттерге дипломдорду тапшырды.

КОЛЛЕДЖДЕ МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Белгилей кетсек, куратордук сааттын негизги максаты — студенттердин КРнын Мамлекеттик символикаларынын кабыл алынуу тарыхы, алардын мааниси тууралуу билимдерин тереңдетүү, ошондой эле студенттердин патриоттук сезимин күчөтүү, өз мекенине болгон сүйүүсүн калыптандыруу.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер