МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛДЫ

  • 12.10.2022
  • 0

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛДЫ

Бүгүн Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тил” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата «Эне тилди сүйгөнүң — улут үчүн күйгөнүң» аттуу кереге кеңеш болуп өттү.

Филология факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган иш-чарага ф.и.д., проф. м.а. А.Дунканаев, ф.и.к., доц. Ү.Кадыркулова, ф.и.к., доц. А.Анапияева, Каракол шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Т.Токтомов жана окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Атыгаев катышты. Анда мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелери кызуу талкууланып, акырында натыйжалуу тыянак чыгарылды. Активдүү катышкан студенттерге окуу жайдын «Ыраазычылык баракчасы» ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер