МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ
- 22.09.2025
- 0
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекеттик тил күнүнө карата чоң салтанат өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов, мэриянын аппарат кызматкерлери, маданият тармагынын кызматкерлери, шаар тургундары, мугалимдер катышты.
Айбек Жунушалиев салтанаттын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, кыргыз тилин ар тараптуу өнүктүрүүнүн зарылдыгына токтолуп өттү.
-Кыргыз тили ааламда теңдеши жок «Манас» эпосун түзгөн дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция, — деди. Жыйында кыргыз тилин өнүктүрүү, көп улуттуу өлкөдө улуттук биримдиктин жана маданий өзгөчөлүктүн статусун бекемдөө туурасында демилгелер туурасында кеп болду. Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясы муниципалитеттин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерин Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан кесипкөй инсандарга сыйлыктарын тапшырды. Салтанатта «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли, Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана белгилүү аткаруучулардын катышуусунда концерт тартууланды.
(МК)
Комментарийлер