МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫКТУУ МУГАЛИМДЕР

  • 23.01.2019
  • 0

Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү жаштар менен тыгыз байланышта, ошондуктан жаш муунду тарбиялоодо мугалимдердин эмгеги өзгөчө сый-урматка татыктуу экенин  айтты. Салтанаттуу иш-чарада ондон ашуун мектеп мугалимдери мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Анын ичинен Президент өзгөчө атбашылык мугалим Гүлүмкан Турганбаеванын эмгегин баса белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Э.Якир атындагы №61 автордук физика-математика лицейинин жетишкендиктерине токтолуп, аны “Даңк” медалы менен сыйлады.

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫКТУУ  МУГАЛИМДЕР

“Күчтүү мугалимдери бар мектеп сапаттуу билим берүү борборуна айланат”

Өз сөзүндө президент жакшы билим сөзсүз эле шаардагы мектептерде гана берилбестигин белгиледи. Анын айтымында, күчтүү мугалимдери бар мектеп сапаттуу билим берүү борборуна айланат. Өлкө башчы алыскы көк муздуу, аска зоолуу, кышы катаал Ат-Башыдагы мугалим Гүлүмкан Турганбаеваны мисал келтирди.

  • Анын окуучулары жакшы билим алышат жана олимпиадалардын, сынактардын жеңүүчүлөрү болуп эсептелет. Г.Турганбаеванын окуучуларынын 80%ы ЖОЖдордо окуган. Бул жакшы жетишкендик. Тоолуу, климаты катаал райондо жайгашкан мектептин мугалими жогорку жетишкендиктерге жетүүдө. Мындай адамдарга катаал шарттар да, ызгаардуу кыш да тоскоол боло албайт. Бизге ушундай мугалимдер керек, — деди мамлекет башчы.
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫКТУУ  МУГАЛИМДЕР

Турганбаева Гүлүмкан 1992-жылдан бери Ат-Башы районундагы  Ой-Терскен орто мектебинде башталгыч класстарынын  мугалими болуп эмгектенип келатат. Мектепте иштегенден бери өз предметин мыкты билген, аракетчил, окутуунун методикасын жана окутуунун психологиясын жакшы билген чыгармачыл, изденүүчү, өз ишине тыкан, алдыңкы мугалим.

Окутуунун интерактивдүү методдорун пайдалануу менен жаш педагогдорго насаатчылык кылып, компьютер, проекторлорду, интерактивдүү доскаларды пайдалануу менен көрсөтмөлүү сабактарды өтүп келет. “Алиппе — билим башаты”, “Чыпалак бала” жана башка үлгүлүү сабактары “Кут билим” газетасына, “Математика ийриминин натыйжалуулугу” деген макала, “Заттын сын-сыпатын билдирген сөздөр”, “Апалардын майрамы” жана башка сабактары “Мугалим” журналына жарык көргөн. 2013-жылы Бишкек шаарында чыккан “Кыргыз элинин уюткулуу сырлары” деген үч бөлүмдөн турган китептин авторлору менен иштешип, Ат-Башы району боюнча маалымат топтогон.

Ал иштегенден бери “Жыл мугалими” жана башка сынактарга катышып, жеңүүчүлөрдөн болуп келген. Учурда үч жылдан бери “Санжарбек Данияров” атындагы фонду тарабынан уюштурулган республикалык деңгээлдеги сынакка катышып, ар кандай темадагы дил баяндарды жазып, алдыңкы орундарга чыгып келе жатат. Өзүнүн берилген саатынан сырткары окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө басым жасап, кошумча ийримдерди өтүү менен коомдук иштерге да активдүү катышат. “Өз демилгелүү чыгармачыл мугалимдер” тобун жетектеп, ар бир усулдук бирикмелер менен иш жүргүзүп келген. Кабинеттин жасалгаланышына, класстын эстетикалык көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бөлүп, жаңыча иштерди жасап келатканын айтып коюу кекрек. Замандын талабына ылайык, компьютерди жакшы өздөштүрүп, керектүү материалдарды  сабакта дайыма колдонуп келет.

Бул мугалим бүтүргөн окуучулар жогорку класстарга чейин мыкты класс аталып, олимпиаданын, ар кандай конкурстардын жеңүүчүлөрү болууда.

2017-2018-окуу жылында ЖРТдан Нарын облусу боюнча  1-орун, республика боюнча 10-орунду багындырып, 224 балл алып, “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” кызыл аттестатына ээ болгон окуучусу Жеткинбекова Толкундун биринчи мугалими, анын карачечекей апасы. Жеткинбекова Толкундун зор ийгиликке жетишине пайдубалын түптөгөн мугалими, апасы катары Бишкек шаарынан ар кандай жеке курстардан, облустун күчтүү мугалимдеринен окутуп, айыл мектебинде бул ийгиликтин болушуна салымы чоң экендиги ырас. Толкундан башка окуучулары дагы ЖРТдан жакшы балл алып, дээрлик 80 пайызы жогорку окуу жайларда студент болуп калышты.

Бул эмгектери үчүн Г.Турганбаева көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп, 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

Бул мугалим өзүнө талапты катуу койгон, окуучулардын ата-энелердин ишенимине ээ болгон, коллективде кадыр-барктуу, насаатчы мугалим катары үлгү боло алды десек ашыкча болбостур.

Үй-бүлөлүү, беш баланын энеси.

№61 “Даңк” медалы менен сыйланды   

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫКТУУ  МУГАЛИМДЕР         Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык комплекс лицейинин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын 200дөн жогорку упайларды топтоп, алтын сертификаттарга ээ болуп келишет.

  • 2018-жылы аталган мектептен жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 40%ы 200дөн жогору упайларды топтоп, 11 окуучу алтын сертификаттарды алышты. Мектеп иштеген жылдардан бери 167 окуучу эл аралык олимпиадалардын катышуучусу болгон. Биздин өлкөдө мындай мектептер көп болушу керек, — деди С.Жээнбеков.

Өлкө башчы лицейге «Даңк» медалын тапшырды.

Балдардын жан дүйнөсүн байыткан Ира Балтабаева

МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРГА ТАТЫКТУУ  МУГАЛИМДЕР

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаева дагы өлкө башчынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал 1984-1989-жылдары Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда окуп, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда ал 1990-жылдан баштап азыркыга чейин иштеп келатат. Борборго ал котормочу болуп кирип, андан соң педагог-уюштуруучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, акыркы жылдары директордун орун басары болуп эмгектенип жатат.

Ушул аралыкта Ира Балтабаева окуу процессин, балдардын жана өспүрүмдөрдүн көңүл ачуусун уюштуруу маселелерин жакшы өздөштүрүп, жамаат менен бирге мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн кыйын учурунун калыптанышын чогуу өткөрдү.

Ал “Сейтек” борборунда иштеп баштагандан тартып, борбордун окуучулары бир топ ийгиликтерге жетише баштады. Борбордун үлгүлүү бий ансамблдери, спорт ийримдери  “Сейтектин” атын, даңкын далайга чыгарышты. Канча деген мамлекеттерде Кыргызстандын Гимни ойнолуп, желеги желбиреди. “Сейтектин” ушучулары алтын, күмүш жана коло медалдарын жыл сайын алып келишсе, үлгүлүү бий ансамблдери Киев жана Астана шаарларында өткөн Дельфи оюндарына, жогорку искусствонун бардык мелдештерине катышып,   алтын, күмүш жана коло медалдарды алып келишүүдө.

Ира Камантуловна борбордун жети чыгармачыл жамааттын калыптанышына жана алардын  “үлгүлүү” жана “элдик” ардактуу наамы ыйгарылышына чоң салым кошту. Ошондой эле “Сейтек” борборуна “улуттук” статусунун берилишине жана “Даңк” медалы менен сыйланышына дагы анын эмгеги бар.

Ира Балтабаева көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер