«ӨМҮР ҮЧҮН ОЙНОЙБУЗ!»

  • 19.02.2020
  • 0

«2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды  колдоо  жылынын”  алкагында  вице-спикер Аида Касымалиеванын демилгеси жана Кыргыз волейбол федерациясынын президенти Элмырза Сатыбалдиевдин колдоосу менен Ош шаарында  волейбол боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук чемпионаты өткөрүлүп, мелдешке Ош технологиялык университетинин аялдар курама командасы,  саясатчылар,  мугалимдер,  дарыгерлер,  юристтер, экономисттер, журналисттер жана ишкер  айымдар  катышты.

"ӨМҮР ҮЧҮН ОЙНОЙБУЗ!"

Иш-чаранынын максаты 15-февраль — Рак илдетине  чалдыккан  балдардын  бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата «Өмүр үчүн ойнойбуз!» деген ураан менен өттү. Андан чогулган каражат рак оорусуна чалдыккан 12 жаштагы Темирбекова Айжамалдын операциясына  жумшалат.

Андан сырткары чемпионат Кыргызстандын аялдарынын ынтымагын бекемдөө, биримдикте бири-бирин колдоосун арттыруу, өз ара түшүнүүсүн жогорулатуу максатын дагы көздөйт.

Оюнда ОшТУнун аялдар курама командасы  чемпион болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер