КЫЗМАТТАШУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 18.04.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун (АКДН) дипломатиялык өкүлү доктор Фазал менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын делегациясынын Ислам Республикасына (Пакистанга) болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча Ага Хан университети менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Министр өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, 12 жылдык билим берүү системасы тууралуу айтып берди.
«Жаңы муундагы 48 аталыштагы окуу китептери даярдалууда. Жүздөгөн мугалимдер аларды апробациядан өткөрүп, адаптациялап жатышат», — деди Д. Кендирбаева.
Ошондой эле министр борбор калааны жашылдандыруу боюнча «Жашыл Мурас» долбоору тууралуу демилгеси менен бөлүштү: «Окуучулар дарактарды отургузууга катышып, аларды карап, өстүрүп, кийинчерээк питомниктен алынган өсүмдүктөрдү сата алышса дейм», — деди министр.
Д. Кендирбаева абаны түтүндөн тазалоого көмөктөшкөн бак-дарактарды тандоо үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин жана тиешелүү мамлекеттик органдарды тартууну, ошондой эле мектеп аймактарында биология жана химия боюнча практикалык сабактарды өткөрө турган жашыл аймактарды түзүүнү сунуштады.
Тараптар мындан тышкары Пакистандын билим берүү мекемелеринин катышуусунда биргелешкен форум өткөрүү жана англис тилин тереңдетип үйрөнүү үчүн «англис тил зоналарын» түзүүнү улантуу мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты.
Өз кезегинде АКДНнын дипломатиялык өкүлү доктор Фазал кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди:
«Министр айткан идеялар абдан шыктандырат. Бизде англис тили курстарын өткөрүү жана жашылдандыруу долбоорлорун ишке ашыруу тажрыйбабыз бар. Маселен, Нарын шаарында парк салганбыз — эми мындай аракетти Бишкекке да жайылта алабыз», — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, АКДН Билим берүү жана илим министрлигин Ага Хан мектебинде өтө турган STEAM иш-чарасына катышууга чакырды.
Комментарийлер